Ак-Сайда кулжанын башын атка байлап алгандар аныкталды (видео)
Нарын облусунун Ат-Башы районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ак-Сай өрөөнүндөгү Беш-Бала тилкесинде жүргүзүлгөн рейд учурунда эки жаран кармалды. Алар уруксат берүүчү документтери жок бир баш кулжанын союлган башын жана мүйүзүн атка байлап алып бара жатышкан.
Окуя боюнча тиешелүү акт түзүлүп, материалдар териштирүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилгени маалым болду.
Ак-Сайда кулжанын союлган башын жана мүйүзүн атка байлап алгандар
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:01
2026-11-16
11:35
2026-11-16
11:08
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















