super.kg logo

Манаста 20 гектарлык жаңы базардын курулушу дээрлик аяктады (видео)

 

Манас шаарында 20 гектардан ашуун аянтта курулуп жаткан жаңы муниципалдык базардын иштери 95 пайызга аяктады. Бул тууралуу кечээ, 16-ноябрда шаардык мэрия маалымдады.

Маалыматка караганда, декабрдын ортосунан тарта шаардагы бир катар базарлардын соодагерлерин жаңы жайга көчүрүү башталат.

"Жаңы базардагы соода орундары сатылбайт, учурдагы соодагерлерге ишмердүүлүгүнүн багытына жараша бөлүнөт. Ошондой эле мурда соода орундарынан ажыраган 700дөй ишкерге да жай берилет. Соода түйүндөрүнөн тышкары, тамактануучу жайлар, 14 банк, унаа жуучу жана акча алмаштыруучу жайлар, ошондой эле башка тейлөө кызматтары иштейт. Базардын аймагына жана имаратынын ичине 1500 коопсуздук камерасы орнотулган. Ал эми кардарлар жана соодагерлер үчүн 2500 унаа токтотуучу жай каралган",- деп кошумчаланды маалыматта.






Манаста 20 гектарлык жаңы базардын курулушу дээрлик аяктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: