super.kg logo

Күз-кыш мезгилине энергетика тармагы даярбы? Министрликтин түшүндүрмөсү (видео)

 

Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоо үчүн ата мекендик өндүрүштүн жана импорттун көлөмү алдын ала пландалды. Ошондой эле энергетикалык объекттерди оңдоо, жаңылоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытка ири каражаттар бөлүнүп жатат. Учурда өлкөдөгү гидроэлектрстанциялардын эскирген жабдууларын жаңылоо жана реконструкциялоо, жаңы электр берүүчү аба чубалгыларын жана көмөкчордондорду куруу иштери жүрүүдө.

"Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында ири оңдоо иштери жүргүзүлөт. Быйылкы күз-кыш мезгилин өткөргөндөн кийин эле кийинки мезгилге даярдык башталат. Башкача айтканда, иштер тынымсыз уланат",- деди ал.

Министрдин биринчи орун басарынын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда жылына 19,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясы керектелет. Анын 15,5 миллиард киловатт-саатын өлкө өзү өндүрөт, калган бөлүгү коңшу мамлекеттерден импорттолот.

"Бүгүнкү күндө өзүбүз өндүрө турган электр энергиясын дагы, сырттан алып келе турган энергияны дагы мерчемдеп, даярдап турабыз. Алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүшүбүздү техникалык жактан камсыздадык",- деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда электр энергиясын керектөөнүн өсүшү энергетика тармагындагы негизги маселелердин бири бойдон калууда. Бул жагдай жаңы генерациялык кубаттуулуктарды курууну, иштеп жаткан станцияларды жаңылоону жана электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууну талап кылууда.






Кыргызстан күз-кыш мезгилине электр энергиясы боюнча даярбы? Министрликтен түшүндүрмөсү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: