super.kg logo

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 25 пайызга өстү. Буга эмне себеп? (видео)

 

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө акыркы 5 жылда 25 пайызга көбөйдү. Буга жаңы объекттердин ишке берилиши жана өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү себеп болгон. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков бүгүн, 17-ноябрда "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө 1000ге жакын объект пайдаланууга берилип, бул электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүнө таасир эткен.

Өмүрбеков белгилегендей, Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес. Бул мезгилде Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп, анын бир гана агрегаты ишке киргизилген. Андан башка ири жаңы генерациялык кубаттуулуктар пайдаланууга берилген эмес.

"Акыркы жылдары энергетика тармагына олуттуу көңүл бурулуп, ири каражаттар бөлүнүүдө. Гидроэлектр станцияларыбыздын эскирген жабдууларын жаңылоо, реконструкциялоо, жаңы аба чубалгыларын жана көмөкчордондорду куруу иштерин жүргүзүп жатабыз",- деди ал.

Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жылына 19,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясы керектелет. Анын 15,5 миллиард киловатт-сааты өлкө ичинде өндүрүлүп, калган бөлүгү коңшу мамлекеттерден импорттолот.

Ал энергетика тармагындагы өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүү жана учурдагы инфраструктураны жаңылоо иштери уланып жатканын кошумчалады.






Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 25 пайызга өстү. Буга эмне себеп? (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: