Оштогу "Момун ата" базарынын соодагерлери мэрге кайрылышты (видео)
Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында жайгашкан "Момун ата" жеке менчик базарын башка жакка көчүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин базар жол кыймылына тоскоолдук жаратып, аймакта башаламандык болуп жатканына байланыштуу жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришкен.
"Базарды көчүрүү маселеси талкуулангандан кийин, бүгүн соодагерлер бул чечимге каршы чыгып мэрге кайрылышты. Мэр алардын өтүнүчүн угуп, эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен маселе чечилерин билдирди. Жанарбек Акаевдин айтымында, соодагерлердин ишин улантуусуна шарт түзүү менен катар тургундарга ыңгайсыздык жаратпоо жана жол тыгындарын жөнгө салуу жолдору каралат", - деп кошумчалады мекемеден.
Оштогу базардын көйгөйү каралды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:25
2026-11-17
15:05
2026-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















