Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын сактабаган компания 200 миң сом айыпка жыгылды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында курулуп жаткан алты кабаттуу турак үйдөн мыйзам бузуу аныкталып, "Кызыл-Кыя Курулуш" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү Нигматулин көчөсүндөгү курулуш объектисин камтыды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин этаптарын кабыл алуу белгиленген тартипте жана өз мөөнөтүндө таризделбегени аныкталды. Натыйжада, компанияга 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:25
2026-11-17
15:05
2026-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















