Ошто жактоочу бычактан жаракат алып, ооруканага түштү
Ош шаарында жактоочу бычактан жаракат алып, ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-ноябрда саат 22:21де 1980-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран Ош облустук ооруканасына кайрылды. Дарыгерлер анын сол жак кабырга тушуна миздүү нерсе сайылып, жаракат ич көңдөйүнө өткөнүн аныкташкандан кийин бейтап дароо операцияга алынды.
Милициянын маалыматына ылайык, аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Күбө катары суралган 1966-жылы туулган А.Г. жабырлануучу менен пикир келишпестиги болбогонун жана ага залал келтирбегенин билдирди. Ошондой эле А.Г. жабырлануучу карызын төлөбөө үчүн ага куру доомат коюп жатканын айтты.
"Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып ыкчам текшерүү иштери уланууда. Ал эми жабырлануучудан анын абалы турукташканда көрсөтмө алынат", - деп кошумчаланды маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















