Кардарлары Умрага уча албай Ташкентте калган туркомпания лицензиясынан ажыратылат (видео)
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ташкентте калган кыргызстандык зыяратчыларга байланыштуу "Нур Умра Трэвел" компаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча тиешелүү органдарга кат жөнөтүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, компания Умрага бара жаткандар үчүн алгач визаларды алып, андан кийин авиабилеттерди чечиши керек болчу. Бирок бул иштерди аткарбастан, жарандарды Ташкентке жөнөткөн.
"Менин оюмча, лицензия алган компанияларды катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Алынган маалымат боюнча, аталган компания эч кандай иш жасаган эмес. Ошондуктан тиешелүү органдарга кат жаздык. Бул компаниянын лицензиясын жокко чыгарабыз",- деди министр.
Белгилей кетсек, кечээ, 16-ноябрда Тышкы иштер министрлиги Умра кичи ажылыгына бара жаткан 60тан ашуун кыргызстандык жаран учак каттамынын кармалышынан улам Ташкент шаарындагы эл аралык аэропортто калганын билдирген.
Элчиликтин акыркы маалыматына ылайык, учурда ал жактагы жарандардын саны 140ка жетти.
Министр: кардарлары Ташкентте уча албай турган туркомпания лицензиясынан ажыратылат
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















