Ала-Арчадагы кырсык: Министр тик учактын түнкүсүн учуусуна байланыштуу түшүндүрмө берди (видео)
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевден тик учактын тоолуу аймактарга түнкүсүн конуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сурады.
"Түнкүсүн тик учак биздин тоолордо, Ала-Арчада коно албайт деген сөздөрдү уктум. Ушул боюнча айтып бересизби?",- деп кызыкты эл өкүлү.
Буга жооп катары министр 9-ноябрда жүргүзүлгөн издөө иштеринде аба ырайынын катаал шартынан улам тик учак жерге коно албай калганын билдирди.
"Биз күндүз учтук. Аба ырайынын катаал шартында тик учак жерге коно алган жок. Ошол күнү баланы тапкан жерге да коно албай койду. Түнкүсүн учуу экипаждын коопсуздугуна да байланыштуу",- деди Чыныбаев.
Чыныбаев вертолёттун түнкүсүн учуусуна байланыштуу түшүндүрмө берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2026-11-17
16:13
2026-11-17
16:00
2026-11-17
19:03
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















