Мурдагы дипломаттардын ТИМге кайтып келбей жатышынын себеби парламентте айтылды (видео)
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевден чет өлкөдөгү дипломатиялык кызматын аяктаган тажрыйбалуу элчилер менен башкы консулдар эмне себептен министрликте иштебей жатканын сурады.
"Италиядагы мурдагы элчи Таалай Базарбаев, Түркиядагы мурдагы башкы консул Рустам Кошонов сыяктуу тажрыйбалуу адистер эмне себептен министрликке кайтып келбей жатат? Алар мага тууган эмес, бирок тажрыйбалуу адистерибизди унутпашыбыз керек",- деди эл өкүлү.
Кулубаевдин айтымында, министрлик мурдагы дипломаттарга ар кандай кызматтарды сунуштайт. Бирок айрымдары сунушталган кызматтарга макул болушпайт.
"Мурдагы элчилик, башкы консулдук кызматтарды аркалагандар жок дегенде департаменттин директору же министрдин орун басары болгусу келет. Бирок министрликте министрдин орун басары үчүн 4 гана орун бар. Биз аларга департамент директорунун орун басары же кеңешчиси кызматтарын сунуштайбыз. Министрликте ар бир жарым жылда кадрлардын ротациясы болуп турат. Системде иштегиси келгендер келип иштеп жатышат, ал эми жогорку кызматты күткөндөр азырынча кадрлар резервинде турушат",- деди министр.
Министр мурдагы дипломаттардын ТИМге кайтып келбей жатышынын себебин түшүндүрдү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















