Ала-Арча паркына баргандарга GPS-трекерлер берилет (видео)
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев "Ала-Арча" жаратылыш паркына барган жарандарга GPS-трекерлер берилерин билдирди.
"Ала-Арча жаратылыш паркындагы окуядан кийин сүйлөшүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө аталган паркка келген жарандардын ар бирин каттап, GPS-трекерлерди беребиз. Бул онлайн системдин алкагында ар бир жарандын кайсы жерде жүргөнүн көзөмөлдөй алабыз",- деди Чыныбаев.
Министр күнүнө паркка 7 миңдей адам келерин белгилеп, ар бирине өзүнчө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кыйын экенин айтты. Бул чаралар парктагы кырдаалдан кийин коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынууда.
Эскерте кетсек, жакында 2011-жылы туулган Амир Кунакунов аттуу өспүрүм Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагындагы тоодо адашып каза тапкан.
Ала-Арча паркына баргандарга GPS-трекерлер берилет
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















