Кара-Суудагы митингде акимдин ордуна блогер чыгып жооп бергени сынга алынууда (видео)
Бүгүн, 18-ноябрда Кара-Суу районунда болуп жаткан митингде блогер эл алдына чыгып, соодагерлерге жооп берип, аларды таркатууга аракет кылды.
Интернет желесинин колдонуучулары бул көрүнүштү сынга алышууда.
"Блогер Алинин ордуна аким сүйлөсө болбойт бекен? Мамлекеттик кызматта аким иштейби же Алиби? Кара-Суу базарынын жер акысын көтөрүшкөнү үчүн эл акимден жооп угалы деп келсе, блогер жооп берип отурат ордуна. Элдин маселесин чече албасаңар эмне отурасынар?",- деген нааразычылыктар жазылууда.
Эскерте кетсек, митинг базардагы ижара акысынын көтөрүлүшүнө жана жаңы тартиптерге байланыштуу болууда.
Кара-Суудагы митингде акимдин ордуна блогер чыгып жооп бергени сынга алынууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















