super.kg logo

Бишкекте Кытай жарандарына кол салып, 1 миллион долларын тартып алышты

 

Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандарга карата каракчылык фактысы катталды. Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучулар Кытайдын жарандары болгон.

Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда саат 16:00 чамасында Лев Толстой көчөсүндө болгон. Белгисиз адамдар Кытай жарандарына кол салып, алардан 1 миллион долларды тартып алышкан. Андан соң шектүүлөр окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыш ишинин тергөө жүрүшү жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: