Январдан тарта айрым жөлөк пулдар 3 миң сомго чейин жогорулайт
2027-жылдын январынан тарта ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда Эмгек министрлигинин мамлекеттик социалдык төлөмдөр жөнүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы "Биринчи радиого" билдирди.
Анын айтымында, учурда майыптыгы бар балдарга ай сайын 8 миң сомдон төлөнүп жаткан жөлөк пул эмдиги жылдан тарта 11 миң сомго чейин көбөйөт.
"Майыптыгы бар балдардын жөлөк пулу 8 миң сомдон 11 миң сомго көтөрүлөт. Ошондой эле 18 жаштан жогорку майыптыгы бар адамдарга, бала кезинен майыптыгы бар жана жалпы оорудан улам майып болгон жарандарга берилүүчү төлөмдөр 2 миңден 3 миң сомго чейин көбөйөт", — деди ал.
Мындан тышкары, Аксы окуясында, 2010-жылдагы Апрель окуясында жана 2021-2022-жылдардагы окуяларда жабыркаган же каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү кошумча социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү да жогорулайт.
Ошондой эле жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйтүлөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















