super.kg logo

Бишкекте электр самокаттарга тыюу салуу сунушталды (видео)

 

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Турат Жакшылыков электрсамокаттарды жана эки дөңгөлөктүү кээ бир транспортторду жоюу тууралуу сунушун айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 19-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.

Маалыматка караганда, мындай сунуш шаар тургундарынын даттанууларынан, электр самокаттардын жана эки дөңгөлөктүү транспорттордун баш аламандыктарынан, инфраструктуранын жетишсиздигинен келип чыкты.

Анын сөзүнө караганда, жаңы тротуарлар салынганы менен көйгөй чечилбейт.

"Биз электр самокаттарга шарт түзүп берсек, андан да жаман кылабыз. Азыркы учурда биздин иште жолдогу эреже бузуу боюнча 18 миңден ашык протокол түзүлгөн. Бул менин жеке өзүмдүн оюм жана сунушум, биз өлкөгө электр самокаттарды алып кирүүгө тыюу салышыбыз керек. Ал эми өлкөнүн ичиндеги самокаттар бара-бара өздөрү азаят. Азыркы учурда велосипеддерди гана калтырышыбыз керек",- деп айтты жетекчи.






Бишкекте электрондук  самокаттарга тыюу салуу сунушталды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: