Бишкектеги "Bugu" кафесинин айланасы таштандыга толду (видео)
Бишкектеги "Bugu" тамактануучу жайынын айланасында санитардык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу 20-ноябрда Муниципалдык инспекция билдирди.
Маалыматка ылайык, инспекция кызматкерлери тамактануучу жайда текшерүү иштерин жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө кафенин айланасынан тамеки калдыктары, таштандылар, желим жана айнек бөтөлкөлөр, ошондой эле башка тиричилик калдыктары табылды.
"Бул боюнча мекеменин администрация өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аймактын тазалыгын сактоо талаптары эскертилди. Ошондой эле жетекчилик аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга жана тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттенди",- деп кошумчалады мекеме.
Бугу тамактануучу жайына эскертүү берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















