Бишкекте өзүн жактоочу катары тааныштырып жүргөн жаран кармалды
Бишкекте өзүн адвокат катары тааныштырып, алдамчылык жолу менен бирөөдөн 10 миң доллар алганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-июнда арыз берүүчү ммилицияга кайрылып, уулуна карата козголгон кылмыш ишине жардам берем деп, өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырган К.Ж. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт боюнча 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1989-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2026-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















