Чүйдө ишкерлерден 100 миң доллар талап кылган 2 жаран кармалды (видео)
Чүй облусунда ишкерлерден 100 миң доллар опузалап талап кылууга шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКга ишкерлердин мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу менен акча талап кылуу фактысы боюнча маалымат түшкөн.
Тергөөдө багбанчылык шериктештигинин төрагасы өзүнүн шериги менен биргеликте кум-шагыл аралашмасын казып алуу менен алектенген ишкерлерге жасалма тоскоолдуктарды жаратып, коркутуп, алардан 100 миң доллар талап кылганы аныкталды.
17-ноябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында талап кылынган акчанын 30 миң долларын алып жаткан жеринен 1989-жылы туулган Ж.У.К. жана анын 1969-жылы туулган шериги К.Т.М. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Учурда иштин бардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда",- деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















