Бишкекте электрондук самокаттарга тыюу салуу сунушталды (видео)
Бишкек шаардык Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы шаардын борборундагы электрондук самокаттарды жана эки дөңгөлөктүү кээ бир транспортторду жоюу тууралуу сунушун айтты. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.
Маалыматка караганда, мындай сунуш шаар тургундарынын даттанууларынан, электр самокаттарынын жана эки дөнгөлөктүү транспорттордун башаламандыктарынан, инфраструктуранын жетишсиздигинен келип чыкты.
Анын сөзүнө караганда, жаңы тротуарлар салынганы менен көйгөй чечилбейт.
"Биз электрондук самокаттарга шарт түзүп берсек андан да жаман кылабыз. Азыркы учурда биздин иште жолдогу эреже бузуу боюнча 18 миңден ашык протокол түзүлгөн. Бул менин жеке өзүмдүн ойум жана сунушум, биз өлкөгө электрондук самокаттарды алып кирүүгө тыюу салышыбыз керек. А өлкөнүн ичиндеги самокаттар бара-бара өздөрү азаят. Азыркы учурда бир гана велосипедди калтырышыбыз керек болду",- деп айтты ал.
Бишкекте электрондук самокаттарга тыюу салуу сунушталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















