Дыйкандарга 6 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ноябрь айына карата "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу 2074 субъектке жалпы 5 миллиард 999 миллион 240 миң 714 сом насыя берилди.
"Аталган программа ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү, жаңы өндүрүштөрдү түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2026-11-20
8:42
2026-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















