Эки күндө Бишкектен 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды
Бишкекте ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча эки күндүк акциянын жыйынтыгында жалпысынан 2963 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу 22-ноябрда мэрия билдирди.Маалыматка ылайык, 348 тонна таштанды кошумча тартылган атайын техникалардын жардамы менен чыгарылды:
- 20-ноябрда 198 тонна;
- 21-ноябрда 150 тонна.
"Борбор калаанын 4 районунда тең эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын чогултуу жана чыгаруу иштери жүргүзүлдү",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















