super.kg logo

Чет элдик ырчылар ырдап... "Ала-Тоо Резорт" 12 күндөн кийин ачылат

 
1-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында төрт мезгил иштей турган "Ала-Тоо Резорт" тоо-кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аттуу үч тоолуу аймакты бириктирет. Курорттун жалпы аянты 4 миң гектарга жакын болуп, деңиз деңгээлинен 2 миңден 3,5 миң метрге чейинки бийиктикте жайгашары айтылды.
Салтанаттуу ачылыш аземи 13:00дө башталып, андан өлкөбүздүн эстрада жылдыздары жана чет өлкөлүк Willy William, түрк диджейи Berat Mert Demir, белгилүү Morandi тобу, Казакстандын эл артисти Кайрат Нуртас, казакстандык Irina Kairatovna тобу, DJ King Macarella өнөр көрсөтөөрү маалым болду.
Курорт кышкысын лыжа, сноуборд тебүүгө, жайкысын эко туризимге ыңгайланышып өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү кабарланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: