Кыргызстандык блогер 5 миллион долларлык баш байге коюлган Мистер Бисттин шоусуна катышат (видео)
Кыргызстандык ютуб блогер жана илимдердин доктору Кемел Мекен америкалык Мистер Бисттин байгеси 5 миллион доллар болгон оюнуна катышууну пландап жатканынын социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
"Бул чоң жаңылык! Мен дүйнөдөгү эң масштабдуу реалити-шоулордун бири "Битс Геймс" оюндарында Кыргызстандын атынан катышам! 196 өлкөнүн өкүлдөрү 5 миллион долларлык баш байге үчүн күч сынашат. Мени колдоп, куттуктап жаткан ар бириңиздерге чоң рахмат! Колдооңуздар мен үчүн абдан маанилүү",- деп жазды ал өзүнүн баракчасында.
Белгилей кетсек, Мистер Бист дүйнөдөгү эң популярдуу ютуб блогер жана жеке ишкер. Аталган оюн 16-декабрдан баштап америкалык праймвидео платформасында чыгат.
Буга чейин Мистер Бист кыргызстандык блогер Арген Керимов (Сигма) менен коллоборация жасаганы белгилүү.
Кыргызстандык блогер Кемел Мекен Мистер Бисттин 5 миллион долларлык оюнуна катышат
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















