Стендапер Элдос Алмазов каза болду
Кыргызстандык 29 жаштагы стендапер Элдос Алмазов каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, Элдос Алмазов үч жыл бою сөөк рагы менен алышып келген. Операция учурунда анын жүрөгү көтөрө албай калгандыгы айтылды.
Эскерте кетсек, Элдос Алмазов Ош облусундагы Телман айылында 25-сентябрда туулган. Ал стендапер катары Орусияда өнөрүн тартуулап жүргөн. Ал Алексей Щербаковдун командасында "Открытый микрофон" шоусунун алтынчы сезонунда жарым финалга чейин жеткен. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө популярдуу "Большое шоу" долбооруна дагы катышкан.
SUPER.KG порталы Элдос Алмазовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:15
2026-11-19
9:39
2026-11-19
10:03
2026-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















