Акылбек Жапаров: "Өкмөттөн бир нерсени уурдап алып, жеп-ичип кеткен жерим жок"
Саясатчы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматта турганда бюджеттик каражатты уурдап, жеке кызыкчылыгына пайдаланбаганын билдирди. Ал өзүнө карата айтылган сындарга жооп берип, үй-бүлөсүнүн ишкердиги жана 2005-жылы Финансы министрлигиндеги өз ара эсептешүү системасын жоюу тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал кечээ, 22-ноябрда журналист Семетей Аманбековго берген маегинде билдирди.
Жапаровдун айтымында, жубайы бир кезде таттууларды ташып келип сатып, ишкерлик менен алектенип, беш жыл ичинде 1 миллиард 200 миллион сом салык төлөгөн.
"Мага Кудай өзү берет. Берет дегеним үй-бүлөм ишкерлик менен алектенет. Мен өкмөттөн бир нерсени кесип алып же уурдап алып жеп-ичип, анан ошол менен кеткен жерим жок. Мен жесем, тегерегимдегилер деле айтмак. Же мага акча бергендер келсин, алар менен Куран кармашалы, эгер Кудайга ишенип, таза жүргөн адамдар болсо", — деди ал.
Ошондой эле саясатчы 2005-жылы мамлекеттик кызматка келгенде Финансы министрлигинде өз ара эсептешүү механизми колдонулуп келгенин эске салды. Анын айтымында, бул система аркылуу бюджеттик каражаттар аймактарга жетпей, негизинен Бишкекте эле бөлүштүрүлүп турган.
"Акча Алайга да, Ат-Башыга да жетпей, бүт эле Бишкектин ортосунда кете берген. Мен ошону жоёлу, бул рак шишигиндей эле деп айттым", — деди Жапаров.
Ал бул механизмди парламент аркылуу толугу менен жойгонун белгиледи. Анын пикиринде, ошол системадан пайда көрүп келгендер кийин өзүнө каршы чыгып, бюджеттин көбөйүшүн жеке кызыкчылыгы менен байланыштырган.
"Системаны толугу менен өзгөрттүк. Жей албай калгандардын баары “Бул Акылбек үч жолу бюджетти көтөрдү, үч эсе көп жеп жатат” деп айтып, ушунун тегерегинде эле сөз кыла беришти", — деп кошумчалады ал.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















