super.kg logo

Алардын бири милиция кызматкери. Таластагы мушташтын жаңы жагдайлары ачылды 

 

Талас шаарында жалгыз жаранды сабаган окуя боюна ИИМ жаңы жагдайларды ачыктады.

Маалым болгондой, жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында тогуз жаран, анын ичинде ички иштер органдарынын бир кызматкери кармалды.

"А.Ш. аттуу жаранга ар кандай буюмдар менен кол салынып, сабалган. Андан соң шектүүлөрдүн бири аны автоунаасы менен сүзгөн. Шектүүлөрдүн аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренелеринде каралган кылмыштын белгилери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кайра квалификацияланды", - деп белгиленди маалыматта.

Аталган кылмышка шектелип төмөнкү жарандар кармалды: 1995-жылы туулган Б. уулу А., 1995-жылы туулган М. уулу К., 1994-жылы туулган К. уулу А., 1995-жылы туулган Ж.Ч., 1995-жылы туулган Б.А., 1995-жылы туулган Д. уулу Б. жана 1995-жылы туулган М. уулу Н.

Окуяга тиешеси бар төрт унаа айып короого киргизилди.

Мындан тышкары, 1995-жылы туулган А.Ш. жана анын шериги 1994-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранга милиция башка кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, 17-ноябрда алар Талас шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында С.Н. аттуу жаранды сабап, андан соң шаардын четиндеги ат майданда ур-токмокко алууну улантышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүүменен кылмыш иши) козголду.

Бул тогуз шектүүгө карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин топ балдардын бир жаранды темир жана жыгач таяктар менен сабап жатканы тартылган видео тарады. Буга байланыштуу милиция 8 адамды кармады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: