super.kg logo

Жер семирткич деп... Германиядан почта аркылуу келген баңгизат аныкталды (видео)

 

Германиядан эл аралык почта аркылуу Кыргызстанга баңги каражатын мыйзамсыз ташып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жана Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери биргелешкен ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө почта жөнөтмөсүн алып жаткан К.С. аттуу жаранды кармашты.

Алгач жаран жөнөтмөнүн ичинде жер семирткичтер бар экенин айткан. Бирок кийин флакондогу зат "Т" аттуу опиоиддик анальгетик экенин мойнуна алган.

Учурда мыйзамсыз ташып кирүү фактысы боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Маалымат үчүн: Өкмөттүн 2025-жылдын 26-мартындагы №152 токтомуна ылайык, аталган дары каражаты баңгизаттардын катарына кирет жана мамлекеттик көзөмөлгө алынат.






Жер семирткич деп... Германиядан почта аркылуу келген баңги заты аныкталды (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: