Кыргызстандык Медина Эрмекова катышкан "Аалам сулуусу-2026" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды
Пуэрто-Риконун борбору Сан-Хуан шаарында болуп өткөн "Аалам сулуу-2026" сынагын жергиликтүү 27 жаштагы сулуу Женнифер Баррето жеңип алды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, жеңүүчүгө ак алтындан жасалып, 3150 бриллиант менен кооздолгон таажыны былтыркы жеңүүчү, мексикалык Фатима Бош тапшырды.
Финалдык этапта эң жогорку баага татыган беш катышуучу төмөнкүдөй орундарды ээлешти:
- Жеңүүчү - Женнифер Баррето (Пуэрто-Рико);
- 1-вице-мисс: Мелисса Нуньес (Доминикан Республикасы);
- 2-вице-мисс: Клара Вегас (Венесуэла);
- 3-вице-мисс: Беа Миллан-Виндорски (Филиппин);
- 4-вице-мисс: Жоржия Уоддингтон (Жаңы Зеландия).
Бул жылы баш байге үчүн дүйнөнүн 116 өлкөсүнөн барган бийкечтер ат салышты. Алардын катарын Кыргызстандан барган Медина Эрмекова да толуктады.
Тилекке каршы, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Беларус жана Армениядан барган катышуучулар топ-30 финалчынын катарына кирбей калышты. Ошентсе да Борбор Азия өлкөлөрү улуттук колоритти таанытууда өзгөчөлөнө алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:48
2026-11-25
17:48
2026-11-24
17:26
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео






















