super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ноябрь: Мирбек Иманбеков 41 жашка толду (видео)

 

Бүгүн, 25-ноябрда кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков 41 жашка толду.

Ал Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чоң-Кара-Буура айылында 1985 -жылы туулган. Ырчы "Таластык кыз" ыры менен сахнага кадам таштап, кыска убакыттын ичинде элдин сүймөнчүгүнө айланган.

Мирбек Иманбеков Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун хордук дирижёрдук бөлүмүндө билим алган. Ал "Сүйүүнүн керемети", "Секелегим", "Түн чүрөгү" сыяктуу ырлары менен таанымал.

Ырчынын кызы Арууке Иманбекова атасынын туулган күнүнө карата бала кезиндеги кадрлар камтылган видеону бөлүшүп, жылуу тилектерин жазды.

"Кезинде мен кичинекей кыз болсом, сен биздин жалпы тарыхыбызды жаңыдан жазып баштаган жаш ата элең. Убакыт билинбей өтүп, мен чоңойдум, өзгөрдүм, жетилдим. Бирок канча жашка чыксам да, сен үчүн дайыма кызың бойдон калам.

Ата, сага узак өмүр, ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын жана ар бир күнүңдө бакыт каалайм. Жараткан сени сактасын, жашоо сага бизге тартуулаган бардык жакшылыктарыңды кайтарсын. Балалыгым үчүн, бардык эскерүүлөр үчүн жана менин жашоомдо дайыма бар болгонуң үчүн рахмат. Мен сени абдан жакшы көрөм, ата. Туулган күнүң менен!" - деп куттуктады.






Мирбек Иманбеков 41 жашка толду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: