Президенттикке аттанган Клара Сооронкулова 30 миң шайлоочунун колун топтоду
Бүгүн, 26-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Клара Сооронкулова "Түндүк" тиркемесинен 30 миң 255 шайлоочунун колун топтоп, талапкер болуу үчүн зарыл болгон этапты басып өттү.
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы маалыматтарга таянсак, президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:
- Бактыбек Калмаматов -26 372;
- Азамат Эсенбеков - 22 816;
- Акай Кыдыров - 20 053;
- Бакытбек Адылов - 17 831;
- Амур Айба Медер - 9159;
- Мамбетжунус Абылов - 9069.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлигин көрсөткөн ар бир жаран каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш. Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов жана Исхак Масалиев керектүү сандагы колду топтошкон.
Кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлооо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















