super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырып, элге кайрылуу жасады (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 28-августта КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана шаардын мэри Кубанычбек Кулматов биометрикалык маалыматтарын Бишкектеги Калкты тейлөө борборунда тапшырышты.
Бүгүн, 28-августта Бишкекте КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана шаардын мэри Кубанычбек Кулматов биометрикалык маалыматтарын тапшырышты.
Жоомарт Оторбаевдин айтымында, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу бир эле мүнөттү талап кылды.
Башында премьер-министр сүрөткө түшүп...
...андан соң манжаларынын издерин калтырды.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов биометрикалык маалыматтарын тапшырууда.
Жоомарт Оторбаев: "Биометрикалык маалыматтарды чогултууда 21-кылымдын заманбап технологиялары колдонулууда. Ошон үчүн 16 жашка толгон кыргызстандыктар бир жыл ичинде тапшыра алышат. Мындай технологияны Тажикстан, Кытай, Орусия жана көптөгөн мамлекеттер колдонушууда. Ал эми биз быйыл баштап жатабыз. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу мамлекет үчүн абдан керектүү, себеби улуттук коопсуздук үчүн гана эмес, шайлоодо жана пенсия берүүдө да пайда көрсөтөт".
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Ж.Оторбаевге жана К.Кулматовго мобилдик топтор колдончу кара чемоданды көрсөтүп жатат. Анын ичинде биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдуулар сакталат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Ж.Оторбаевге жана К.Кулматовго мобилдик топтор колдончу кара чемоданды көрсөтүп жатат. Анын ичинде биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдуулар сакталат.
Жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырышууда...
Эгер тейлөө кызматынын кызматкеринин иши же сизге болгон мамилеси жакпай калса, өзүңүздүн бааңызды берсеңиз болот.
Эгер тейлөө кызматынын кызматкеринин ишине же сизге болгон мамилесине өзүңүздүн бааңызды ушул жабдуу аркылуу берсеңиз болот.

Бүгүн, 28-августта Бишкекте КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана шаардын мэри Кубанычбек Кулматов биометрикалык маалыматтарын тапшырышты.

Өкмөт башчысынын айтымында, тапшыруу иши бир эле мүнөттү талап кылды. “Биометрикалык маалыматтарды чогултууда 21-кылымдын заманбап технологиялары колдонулууда. Ошон үчүн 16 жашка толгон кыргызстандыктар бир жыл ичинде тапшыра алышат. Мындай технологияны Тажикстан, Кытай, Орусия жана көптөгөн мамлекеттер колдонушууда. Ал эми биз быйыл баштап жатабыз. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу мамлекет үчүн абдан керектүү, себеби улуттук коопсуздук үчүн гана эмес, шайлоодо жана пенсия берүүдө да пайда көрсөтөт”,- деди Оторбаев.

Андан соң ал кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. “Урматтуу мекендештер, өзүңүздөрдүн биометрикалык маалыматыңыздарды тапшырууңуздарды суранам. Бул абдан ылдам жана акысыз. Сиздер чет мамлекеттердеги аэропорттордо жана Кыргызстандын эң алыс аймактарынан тапшыра аласыздар. Бул багытта атайын мобилдик топторду түзүп берүүгө даярбыз. 2015-жылдан тарта биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар чет мамлекеттерге чыга албай калышы мүмкүн. Анткени айрым мамлекеттерде бул талап кылынууда”,- деди премьер-министр.






Жоомарт Оторбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырды

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: