super.kg logo

Африкалык жаран 25 жыл бою көрбөгөн кыргызстандык жубайы менен жолугушту

 

Өмүр бою өз энесин көрбөй келген мозамбиктик (Африка) Сальвадор Айрес аттуу жигит өзүнүн 25-туулган күнүндө көптөн-көп күткөн белегине ээ болду. Ал өткөн аптада өзүнүн кыргызстандык энеси Залина Абдалиева менен жолугушту. Ал эми бүгүн эртең менен Кыргызстанга баланын атасы да учуп келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Сальвадор Айрес - Анголанын жараны менен кыргызстандык айымдын уулу. Анын ата-энеси 80-жылдардын аягында таанышкан. Ал кезде кенже Сальвадордун (уулу) атасы Сальвадор (улуусу) Фрунзедеги окуу жайлардын биринде билим алчу. Кийин ал Залина аттуу айым менен таанышып, экөө баш кошкон. Ортодо Сальвадор (кыргызча аты Тилек) аттуу уулдуу болушкан. Көп өтпөй Сальвадордун окуусу аяктап, ал мекенине кайтууга аргасыз болот. Баланын энеси Африкага баруудан коркуп, анын үстүнө ал тубаса дүлөй болгондуктан, жолдошунун мекенине кетүүдөн баш тарткан. Жаш жубайлар өз ара сүйлөшүп, бала атасы менен кетип, энеси бир нече убакыттан кийин алардын артынан бармакчы болот. Бирок андай болгон эмес. Анын үстүнө жубайлар бири-биринин так даректерин алышкан эмес.  

"Окуя 25 жыл мурун болгон жана бул окуя анын ар бир катышуучусунун эсинде гана сакталып кала бермек. Бирок кенже Сальвадор бала кезинен бери алыскы Кыргызстанда жашаган өз энеси менен жолугушууну кыялданып, бир күнү аны менен кучакташууну самап келген. Сальвадордун колунда энесинин бир гана сүрөтү болгон. Ал ар дайым атасынан апасы менен эмне себептен байланыш үзүлүп калгандыгын сурап, энеси менен жолугуунун жолдорун издеп келген. Акыры ал өзүнүн кыялын Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун жардамы менен ишке ашырды",- деп айтылат маалыматта.   

Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун Кыргызстандагы "Үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүү" долбоорунун координатору Салтанат Абдыжапарова билдиргендей, Сальвадор жардам сурап 2014-жылдын май айында кайрылган. Ошол убакыттан тарта анын энесин издөө жумуштары кызуу жүрө баштаган. Залина айым Аламүдүн жана Сокулук районунун паспорттук бөлүмдөрү аркылуу изделип, кийин ал каттоодо турган Дүлөйлөр коому аркылуу табылган.    

"Биз виза алууга гана көмөктөштүк. Сальвадордун атасы бүгүн учуп келди. Долбоор 1992-жылдан бери иш алып барууда. Бул долбоор аркылуу биз миңдеген үй-бүлөнү бириктире алдык",- дейт С.Абдыжапарова. 

Ал эми Залина айым жана анын үй-бүлөсү баланы көрөбүз деген үмүтүн үзүп койгон. Себеби Сальвадор баласын өз мекенине алып кеткен учурда ал жашаган аймакта согуш болуп жаткан. 

"Сальвадор бизди издеп жатканын угуп, аябай кубандык. Биз ага көптөгөн белектерди даярдап койгонбуз. Аны тосуп алуу үчүн улуттук тамак-аштарды даярдаганбыз. Анын урматына атайын мал союп, коноктойбуз",- деди баланын таежеси Алтынай Абдалиева. 

Учактан түшүп залга кирген Сальвадор менен анын энеси бир нече убакытка чейин бири-бирин коё бербей, бекем кучакташып турушту. Сальвадордун биринчи айткандары "мен үйүмө келдим" деген сөздөр болду. Андан кийин жигиттин башына ак калпак кийгизилди. 

"Мен апам менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. Апамды көпкө издедим. Учактан эки кыргыз үй-бүлө менен сүйлөшүп келдим. Мен эми Кыргызстан жөнүндө көп нерсени билем, бирок мындан да көптү билгим келет. Эмки жолу бул жакка өзүмдүн үй-бүлөмдү алып келем. Бирок ага чейин апамды өзүм жашаган жакка алып кетип, жубайым, кызым менен тааныштыргым келет",- деди Сальвадор Айрес. 

Кенже Сальвадор англис тилинде гана сүйлөп, ал эми анын энеси кыргыз жана орус тилдерин билген сурдокотормочунун жардамына муктаж болгондуктан, аларга Кызыл Жарым Ай коомунун кызматкерлери жардамдашууда. 






Африкалык жигит Кыргызстандагы апасын тапты

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(55)
26.01.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Конул кубанарлык жанылык экен.Эч качан уй-було ажырабасын.Акылдуу бала экен апасын издеп тапкан.
26.01.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
охоо бактылуууго кыргызга окшош екен баласы Жакшы кабар болуптур)))
26.01.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы жанылык экен,мен да окуп алып ичимден суйундум,бала апасын издеп таап жолукканы учун.
26.01.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге экенин билбейм, окуп жатып эле шолоктоп ыйлап кирсем болобу.
Кандай азамат жигит, мен мындай окуяларды Пусть Говоряттан гана коргом.
Жигитте кыргыздын каны бар да, тууганчылбызда, ата-тегибизди унутпайбызда, бул да ошонун бир себеби...
Абдан суйундум, биздин кыргыздын эле жиггитиго, узун бойлуу, кырдач мурун, кара каштуу болуп...
26.01.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бул жанылка тойбой тургандаймын Супер инфо))))))))))))
Кызыл-Ай коому ошондо Супер Инфого айтып коюшпай кааап((
Ошол эне-баланын жолугушуусун, эмоциясын видео ролиги м.н туз алып корбойт белек...))
26.01.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын жээн...тагаларынды,(тайакелеринди) табыпсын,кубанычтуу кабар...
26.01.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын каны да кучтуу экен. Кытайлар тууралуу уккам, кытай кыз кандай адамга турмушка чыкса да, баласы кытайга окшош болот деп.
26.01.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красафчикго...
26.01.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркексин жееним,калпак да жакшы жарашат экен.
26.01.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эженин жузунон кайгы - мун корунуп турат. Бактылуу болгула.
26.01.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигит сенден Аллах ыраазы болсун! Аябай жакшы, оз апасын коргонду Аллахым насип кылыптыр. Куттуктайм! Окуп алып аябай ыйладым((((
26.01.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуптур.Анан да тусу манголоидге окшош экен красавчик.
26.01.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздардын гени кучтуу даа ). Кыргыз жигитине окшошкен, негрлерге караганда )
27.01.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasi, негр деген соз кемсинтуу экенин билбейсизби.
Негизи африкалыктардын каны кучтуу. Европадан коп кором ата энесинин бири африкалык уй булолорду. Балдарынын ону кобунчо африкалыктарга окшошот. Онгочо эриндери,мурду, чачтары.
26.01.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orhideya_0202, курамы окшош сайтты жарыялаганыңыз үчүн 3 күн БАН!
26.01.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куттуктайбыз Тилек!!!!
26.01.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Козумо жаш алдым Апа учун баарына даяр болушубуз керекда! Азамат жигит экен булда болсо атасынын мыкты тарбиясы деп билиш керек!
26.01.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баласы атасына эч окшобойт экен. Апасына окшошуптур Баланы коргон адам эч ким айтпайт Африкалык деп. Кыргыздардын да каны бир топ кучтуу окшойт.
26.01.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы кыпкыргызга эле окшош экен э?
26.01.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jeen tain tartat degen chyn eken 99 paiz kyrgyzga okwow eken ei. Airykcha enesi m. balanyn kawtary... jakwy janylyk eken
26.01.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык экен,Африкалык болсо да апасын издеп келсе
26.01.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой азамат жээн-))!эркек болуп туруп муун бошоду да...
26.01.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарайсын Тилек.
26.01.2015. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эле экен атасына окшобойтго Азамат экенсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: