|
Сөзү : Жайлообек Бекниязовдуку
Обону : Апаз Жайнаковдуку
Ырдасам сөзүмдөсүң, обонумда,
Жылытат балалыктын нуру дайым.
Жашайсың менин бардык ойлорумда,
Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым.
Көңүлдө уйкаш эмес сезим калсын,
Көк асман ачык күндүн нурун чачсын.
Өмүрдө эң кымбатым өзүң барсың,
Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым.
Демине бак түшөйүн аскалардын,
Шоокуму бир тынбаган капчыгайдын.
Өмүрдө силерсиңер мактанарым,
Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым.
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Уруу-уруу, туш тарапка бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Узак мезгил сиңип келген сезимге,
Уруу, уруу керек чыгар кезинде.
Жаңы гана өсүп жаткан өлкөбүз,
Өз балаңдай, жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.
Эмгекчил эл, эл ичинде башчылар,
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар,
Ыйман менен ынтымакта иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Ынтымакта ыйман-ызаат иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Сөзү : Насирдин Байтемировдуку
Обону : Бектемир Эгинчиевдики
Таңдагы гана чолпон өңдөнүп,
Жаркылдап сүйкүм күлүшүң.
Жыргаткан бозой мүнөзүң,
О чиркин, жаштыктын жыпар гүлүсүң.
Акылың тунук булактай,
Аркар көз күйгөн чырактай.
Кайыкта бирге баратсак,
О чиркин, калбастыр арман тырмактай.
Мен булбул гана таңда таңшыган,
Сен бир гүл тоодо аңкыган.
Абадагы ээ-эй сен чолпон,
О,чиркин айдай жүзүң балкыган.
Өмүрдүн алыс сапарын,
Айдасак деймин кайыгын.
Жаштыктын алтын көлүнөн,
О, чиркин кармасак алтын балыгын.
Сөзү : С.Жусуевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Кайда барсам, ошондо да сен болосуң,
Өр таянсам гүлү көп да бел болосуң.
Суусап кетсем көк кашкада булак болуп,
Ысып кетсем, ысып кетсем айдарымда жел болосуң.
Китеп ачсам карайсың сен тамга болуп,
Бакка кирсем карайсың сен алма болуп.
Комуз алсам күү болуп да жашыл бакта,
Булбул болуп, булбул болуп сайрайсың сен талга конуп.
Тереземден киресиң сен аба болуп,
Дартты айдайсың денемдеги даба болуп.
Канат болуп күүлөйсүң да үмүтүмдү,
Сагынтасың, сагынтасың чеги жок да санаа болуп.
Сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң,
Дайын жоктон жаралып сен бар болосуң.
Баары болуп жүрөсүң го, бирок айтсаң
Качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң?
Атка бир (гана) салган, э-эй, дилдейсиң, ий,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң, ий-ий.
Бир күн оору, бир күн соо, э-эй,
Алымкан, азабың тартса билбейсиң.
Бетегелүү майданым,
Пейли эле жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Алымкан көөнү бир жакшы жайдарым.
Кашкардын (гана) тоосу, э, кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш, ий-ий.
Кайрылып мага келе кет, э-эй,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш.
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш,
Бурулуп мага келе кет, э-эй,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш.
Саркечтеп (гана) сайган, э-эй, жоолугуң,
Сарсанаа кылат жоругуң, и-ий.
Көркөмдөп сайган жоолугуң, э-эй,
Алымкан, көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен “Жаш кыял”,
Тыңдасаң (гана) боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң (гана) боло, Алымкан.
Сөзү : А.Чойбекованыкы
Обону : С.Жумалиевдики
Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.
Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Тагдырымды сизге арнагам...
Тагдырымды сизге,
Махабатым сизге арнагам.
Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Жазгүл Жумаканованыкы
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө.
Көңүл жиби - тыт көпөлөк тарткан жип,
Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө.
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө.
Капкайдагы жаман ойду ойлосоң,
Акылыңдан адашасың бир күндө.
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө.
Эмне болуп кетер экен дегендер,
Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
Обону : Эсенбек Алмакуновдуку
Токтогул:
Эшиктен келдиң бир мейман,
Көңүлүм сага бөлүндү.
Сезбейт деп мени ойлобо,
Сыягы, акын көрүндү.
Кандай иним экенсиң,
Үйгө кирбей тартынган?
Араң кирип отурдуң,
Бир кишинин артынан.
Сырдашсак арман бөлүнөт,
Илебиң жука көрүнөт,
Өнөрүң болсо өргө чап!
Тартынбай, балам, сырыңды айт,
Чын сырыңды айтпасаң,
Адебиң менен өзүң кайт!
Б а р п ы:
Эшмамбет айткан атыңды,
Билдим го, аба, баркыңды.
Эми таанып турамын,
Кир болбогон атыңды.
Адеби жоктук кылып мен,
Алдыңа келген өңдөнөм.
Алыстан келдим ашыгып,
Токтогул сага көлдөлөң.
Эшитким келет үнүңдөн
Булбулдай ширин тилиңден,
Аттанып келдим атайы
Төөлөс, Бостон элимден,
Болжолдоп чыктым Бостондон,
Насибим сизге кошкондон.
Токтогул:
Алыстан келген баласың,
Айтымдуу сөзгө канасың.
Сурайын ата-тегиңди,
Билейин сенин жөнүңдү.
Пикири жок аттанган
Бий баласы болбогун?
Пайдасы жок мактанган
Бай баласы болбогун?
«Ырым менен эритем»
Деп келгенден болбогун?
Калайыкка чоң сүйлөп,
Жеп келгенден болбогун?
Арыктатып ала атты
Аксаткандан болбогун?
Айылдын ичин бүлгүзүп,
Какшаткандан болбогун?
Бейкасам кийип түрлөнүп
Жасангандан болбогун?
Эшен менен молдодон
Бата алгандан болбогун?
Кожолорго кол берип
Сыйлагандан болбогун?
«Кедейлерди мал тап» деп
Кыйнагандан болбогун?
Канкорлордон эзилип,
Кара таман тешилип
Жүргөн болсоң мунуңду айт,
Балам, жүрөгүңдөгү сырыңды айт.
Б а р п ы:
Байкадым, аба, жөнүңдү
Сурадың ата-тегимди.
Пикири жок аттанган
Бир күн тынып жатпаган
Бий баласы эмесмин.
Пардашы жок батпаган
Жалгыз өзүн мактаган
Бай баласы эмесмин.
«Ырым менен эритем,
Отурганды дегдетем»
Деп келгенден эмесмин.
Калайыкка чоң сүйлөп,
Жеп келгенден эмесмин.
Арыктатып ала атты,
Аксаткандан эмесмин.
Айылдын ичин бүлгүзүп,
Аламанды күйгүзүп,
Какшаткандан эмесмин.
Бейкасам кийип түрдөнүп,
Жасангандан эмесмин.
Кудурети колдогон
Эшен менен молдодон
Бата алгандан эмесмин.
Кожолорго кол берип,
Сыйлагандан эмесмин.
Кедейлерди «мал тап» деп,
Кыйнагандан эмесмин.
Өз ыкласым болбосо,
Аба деп сизге келбесмин!
«Зулумду Током сүйбөйт» деп
«Манаптар менен жүрбөйт» деп,
«Эшен менен молдонун
Айтканына кирбейт» деп,
«Жардыга Током тарап» деп,
«Адашкан Барпы сен болсоң,
Азгырбай жолго салат» деп
Айткан эле Эшмамбет.
Акылдуу акын Током деп,
Артык көрдүм өзүңдү.
Тыңшап угуп турамын
Булбулдай мукам сөзүңдү.
Комузуңду карасам
Келтирип чапкан арчадан.
Сен ырдасаң чогулат
Алыс, жакын, барча жан!
Комузуңа кошулган,
Тилиң ширин канчадан!
Тирүүлөй жетим мен болуп,
Машакат өттү башыман.
Жетинбей жети жашымдан,
Муңайып жүрдүм азапта.
Жыйырма жыл жылбастан,
Малай болдум Сузакта.
Бай тырмагы — уу тырмак
Балыктай этке батырат.
Унутуп калсам бир ишти
Олоңдоп мага бакырат.
Түнкүсүн төрт бөлүп,
Уйкумду бузуп чакырат.
Азапты тарттым Сузактан
Кутула албай тузактан,
Аба, сени сүйчү элем,
Келе албай жүрдүм узактан.
Токтогул:
Жетимди көрсөм жашыймын,
Муунум бошоп тура албай.
Катуу сүйлөп койдумбу?
Жайыңды сурап биле албай.
Көзүңдүн көрсөм карасын,
Шам чырактай жанасың
Касиетсиз душмандан,
Азап чеккен баласың.
Мени бирөө айткандан,
Көңүлүңө жаккандан
Келген балам экенсиң.
Мен ырдасам сөзүмө
Канып кетер бекенсиң?
Кечээ келбеске Токоң кетти деп
Беш каман көөнүн жайлады,
Бекитип колум байлады.
Жалгандан кара көрсөтүп
Бездирип элден айдады.
Кабарым алган киши жок
Согончогум туурулду.
Заманам жаман куурулду.
Зарлаган менен көрбөдүм.
Артымда гана жалгыз уулумду.
Кубанчым элден ажырап
Бакшы азабым бул болду.
Менин тирүүмдө сүйгөнүм
Армандуу жесир тул болду.
Он жыл Сибирь токтодум.
Кайрылып калың кыргызга
Келбей турган окшодум.
Үйдөгү калган зайыбым
Башына кайгы түшүптүр.
Жаман аттуу болом деп
Байга тийип кетиптир.
Бешенеге тартылган
Армандуу мээнет калабы...
Алганым кетсе мейличи
Өз күнүн көрсүн а дагы.
Шумкарым арып-азыптыр,
Туурумдан уча качыптыр.
Ачылбай гүлүм соолуптур
Арманым ичке толуптур.
Бузулган экен турмушум,
Сынган экен кылычым.
Туяктан минтип айыртып
Көрчү, душмандын кандай кылышын....
Бузулса турмуш мейли эле
Булбулум бактан качыптыр.
Булбулду көрбөй бүктөлдүм,
Булбулдун тили катыптыр,
Булбул сындуу чолпонум
Келсем буралып жерге жатыптыр.
Ата деп мойнум кучпады
Адашып келген Токоңдун
Алдынан тосуп чыкпады.
Жаркырап-жайнап күлбөдү
Жаңырып атам келди деп а
Кулунум жанымда бирге жүрбөдү.
Б а р п ы:
Алыстан келдим айлыңа
Байкадым аба түрүңдү...
Урматтуу Током аман деп,
Укканда жүрөк сүйүндү.
«Беш каман деди мени» деп,
«Түгөтөмүн сени» деп,
Көрсөткөн экен казатты,
Тартыпсың, аба азапты.
Сибирде жүрдүң нечен жыл
Сыздадың ыйлап күнү-түн
Кара чачың агартты
Кайгы менен күйүтүң.
Аман көрдүм өзүңдү,
Азыркы менин ишим оң.
Таалимиң алсам деп келдим,
Токо тилегим чоң, үмүт чоң .
Токтогул:
Комуздан берген саламым,
Эми улап кет, иним, аягын.
Эмкисин башка ырдайын,
Акындыгың сындайын.
Кеп түйүнүн чечпесең
Чечендигиң ким билет
Кереметиң болбосо,
Чеберликти ким билет?
Табышмакты таппаса
Сырчылыгың ким билет?
Жабылтып ырды төкпөсөң,
Балам, ырчылыгың ким билет?
Б а р п ы:
Аркар менен кулжанын
Оттоор жерин ким билет?
Табылбаган күлүктүн
Токтоор жерин ким билет?
Токтогул:
Жүрөгүндө оту бар
Айтымдуу киши жаталбайт.
Түбү бузук душмандар
Башкага келип баталбайт.
Белгилүү чечен белен эр
Сүйлөгөн сөздөн такалбайт.
Алмакка оору тооруса,
Эч айласын табалбайт.
Эшен, кожо чогулуп,
Дем салган менен айыкпайт.
Өлөрүн билсе адамзат,
Өзүнөн өзү арыктайт.
Ажал кыстап келгенде
Атага сырын айталбайт
Айткан менен пайда жок,
Агасы барып кайтарбайт,
Аманат жаның өтпөсө,
Алганың кара жамынбайт,
Өлбөй киши айрылбайт.
Өпкөлөгөн өз тууган
Өбөктөсөң табылбайт.
Тууштуу тууган арданбайт,
Балам, күйүтсүз адам зарданбайт.
Б а р п ы:
Октобой мерген ата албайт,
Онтобой оору жата албайт.
Түздөбөй мерген ата албайт
Түйшөлбөй оору жаталбайт.
Сынбай сөөк чор болбойт
Тилеп алган балдарың
Жетим болбой кор болбойт.
Бузуктун сөзү оң болбойт
Буйруктуу алтын жоголбойт.
Булбулдун үнүн эшитпей,
Буралып гүлдөр ачылбайт.
Мурунтан муңу көп көрсө,
Мундуунун үнү басылбайт.
Күкүктүн үнүн эшитпей
Гүл жайкалып ачылбайт.
Күйүттүн дартын көп тартса
Күйгөндүн үнү басылбайт.
Токтогул:
Куш канаттуу кир болбойт
Душмандын көөнү бир болбойт.
Кароолуңа илинбей
Качкан кайып аттырбайт.
Аялың жакшы болгон соң
Туугандан сени жат кылбайт.
Азамат чыкса элиңден
Душманга сени бастырбайт.
Б а р п ы:
Эски пахта бөз болбойт,
Эсептешкен дос болбойт.
Жакшынын сөзү корс болбойт
Жамандын сөзү жоош болбойт.
Жалаң ачуу, бал болбойт,
Жакшынын пейли тар болбойт.
Токтогул сендей акындар
Ар жерде жүрсө кар болбойт.
Калемпир ачуу туз болбойт.
Кар түшпөй сууда муз болбойт.
Катын кыркка чыкканда,
Кадимкидей кыңшылап,
Кабыргаңдан чымчылап,
Кайра жашап кыз болбойт.
Кайран өмүр ишине
Токо карап турсаң көз тойбойт.
Токтогул:
Кушуңду өзүң салбасаң
Чырмалып колдон баралбайт.
Анык табын билбесе
Илбесинди алалбайт.
Бул ырды иним таштайын:
«Менен» деп ырдай баштайын
Көл сөөлөтү каз менен
Мелмилдеп жаткан саз менен
Сулуулар бетин өптүрөт
Кайрылып туруп наз менен.
Б а р п ы:
Дарыя агат сай менен,
Жылкынын көркү тай менен.
Көк соорун учат балалуу
Ошо сай боюнда жар менен.
Кулалы учат аң менен
Көк карга учат жар менен.
Сагызган ойнойт сай менен
Баласыз киши зар менен
Азамат көрүк жарашат,
Булкунган буудан ат менен.
Аралашып бир жүрбө,
Көңүлү бузук жат менен.
Токтогул:
Өз баркын өзү биле албайт,
Балам басташпагын мас менен.
Капалыгым жазам деп,
Кадырлаш болбо нас менен.
Кучакташып дос болбо
Асты акылы пас менен.
Жанашсаң жакшы карт менен
Сооданын иши — март менен.
Моюнуң кылдай ичкерет
Балам, сары оору мээнет дарт менен.
Б а р п ы:
Араба жүрөт таш менен,
Ууру жүрөт пас менен.
Адамдын көркү баш менен
Маңдайдын сыны каш менен,
Киши акыл табат эс менен
Ороюң ысык бет менен
Өз элиңден бөлүнүп
Басып өтпө чет менен.
Токтогул:
“Мененди” иним, таштайбыз,
“Турбайбыдан” баштайбыз.
Аркар, кулжа жайыты
Зоодо болот турбайбы.
Ар өсүмдүк мийвалар
Тоодо болот турбайбы.
Б а р п ы:
Жамандын пейли белгилүү
Казанын тээп сындырып
Быркыратат турбайбы.
Катын бала-чаканы,
Чыркыратат турбайбы.
Басып алып тооктой
Тырпыратат турбайбы.
Т о к т о г у л:
Балам, «турбайбыдан» өтөлүк,
Эми «жазылатка» көчөлүк.
Арабаны көргөндө
Аттын чери жазылат.
Элге шилеп бергенде
Марттын чери жазылат,
Илбесинди көргөндө
Куштун чери жазылат.
Акмакты урсаң аябай
Муштум чери жазылат.
Нарын тартып эт жесең
Тиштин чери жазылат.
Жамгыр жаап, кар жааса,
Кыштын чери жазылат.
Б а р п ы:
Арык байлап суу келсе,
Салдын чери жазылат
Ак мөңгүлүү жылгада,
Муздун чери жазылат.
Кулпуртуп сонун иш кылса,
Уздун чери жазылат.
Жаңы күйөө келгенде
Чымчылашып күлүшүп,
Чын көңүлүн беришип,
Сары майдай эришип
Токо кыздын чери жазылат.
Токтогул:
Сен дагы мендей ырдадың
Ырыңдан балам сындадым.
Адаштырып ырдасам
Айтканымдан жылбадың.
Менин айткан ырымды
Бекеринен бурбадың.
Сайраттың кызыл тилиңди
Акындыгың билинди.
Мен көрсөткөн ырымды
Улабастан койбодуң.
Ажыратпай бир жерин
Кынабастан койбодуң.
Адис акын экен деп
Бул жагынан ойлодум.
Б а р п ы:
Көрдүң, Токо, көшүлдүң,
Көңүлүм сага чечилди.
Айтканым айып болсо да,
Аталык кылып кечиргин.
Кечирет деп мени иниң,
Алдыңдан келип өтүндүм.
Жаңылбаган чеченсиң
Токо, бизге жазылган каттан экенсиң.
Сөзү : Ашыраалы Айталиевдики
Обону : Ашыраалы Айталиевдики
Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Толкунун жиреп абанын,
Учуна жетпей санаанын.
Убара болуп кылчаптап,
Артымды улам карадым.
Караган менен көрүнбөйт,
Капкайда калды карааның.
Элестейт бирок сүйкүмдүү,
Жароокер жалжал жамалың.
Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат эсен баргын деп,
Узатып калдың вокзалдан.
Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.
Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
Жеттиби деп көксөгөн талабыма,
Жан досум кейибегин абалыма.
Андай иш мөңдүрөтпөй көмөктөшөт,
Балбылдап жалын болуп жанарыма.
Чындык деп чырм этпей көмүлөмүн,
Чындык деп өмүр бою жүгүрөмүн.
Жеңсең да жалгандыктын арыстанын,
Чындыктын чымынына бүгүлөмүн.
Оюмду чексиздикке көкөлөткөн,
Жүрөгүм чындык үчүн көпөлөткөм.
Турмушка оор тараптан жок дегенде,
Топчунун тешигиндей көзөнөктө.
|