|
Жылуу кийин, жолуң катаал үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Токтой турчу, из карайын, Ата-Журт!
Жазда башка… жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Токтой турчу, из карайын, Ата-Журт!
Жазда башка… жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
Оозумдан чыгат үшкүрүк,
Көөдөнүмдөн жалын куюлат.
Жан курбулар, өткөн күнүбүз,
Баарысынан кымбат туюлат.
Биз мезгилди шылдың кылабыз,
Ден соолукту жашыл куракта.
Өкүнөрбүз чогуу боло албай,
Ар кай жерде, ар кай куракта.
Бул дүйнөгө келген нерсени,
Кеткис кылып жасап койсочу.
Белгисиз бир күндүн колунда,
Кылыч тура бизди мойсочу.
Мезгил мынча ылдам учат деп,
Карыялар ойлуу сүйлөшөт.
Билем андай токтоо болууга,
Бизди дагы турмуш үйрөтөт.
Жаштыктагы жалын күндөрүн,
Карыялар тез-тез эскерет.
Жамандыгы ичке катылып,
Эт жүрөгүн тилет кескилеп.
Кармаштарда кандар төгүлгөн,
Бул күн бизге оңой келбеген.
Алп жүрөктөр октон быркырап,
Аралашып калган жер менен.
Келе электе биз бул жарыкка,
Мойнубузга милдет тагылган.
Бийиктерге алып чыксын деп,
Биздин жаштык учкул чагылган.
Биз урунган жеңил буюмдар,
Кыйынчылык менен жаралган.
Үмүт ишке ашып жатпайбы,
Үлгүлөрү калып алардан.
Сак болгула, азиз курбулар,
Көңүл чөгүү деген илдеттен.
Колубузда журттун тагдыры,
Мойнубузда улуу милдеттер.
Каалабаган колун көтөрсүн,
Бирин-экин мында калчулар.
Калганыбыз Мекен буюрса,
Өлүмгө да ырдап барчулар.
Булбулдар сүйөт гүлдөрдү,
Муңайым гана добуш үндөрдү.
Бурула басып сырдашып,
Шайырдуу жыргал күндөрү.
Ойноп бир гана күлгөн күнөбү,
Ойнобой гана жаштар жүрөбү.
Оюнда сырын айтсам деп,
Жаштын ошондо болот тилеги.
Жаштыкты гана кандай ойлойсуң,
Сен күкүк жаш суусардай жайлоосуң
Жакындап чалма саларда,
Жазгы таңдай ойнойсуң!
Айраны гана кенен да кымыз мол,
Малдуу, дандуу жерибиз
Жигити шайыр, кызы алтын,
Кымбаттуу кыргыз элибиз.
Сөзү : Жусуп Турусбековдуку
Обону : Атай Огонбаевдики
Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Агарып тоодон таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан.
Калды го бекен эсинде,
Кыйышпай күлө карашкан.
Антыңды ойлоп таңдагы,
Көңүлүм сенден калбады.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсун алганы.
Сөзү : Гётеники
Обону : Калмурат Рыскуловдуку
Ошо кезде жанга көп түйшүк,
Махабатта сүйкүм жол дагы.
Эриндериң салкын өбүшүп,
Кысылгансыйт араң кол дагы.
Кайырма:
Коштошконум билгин көзүмдөн,
"Кош" дегенге оозум барчубу.
Бир жөнөкөй жанмын өзүм мен,
Бирок билер кадыр-баркыңды.
Эми калдым гүлдү үзүштөн,
Түшүнүп кой мындан арыга.
А мен үчүн эчак күз түшкөн,
Гүл учуру жаздын барыга.
Эриндериң салкын кыбырап,
Таркабаган өңдүү наз дагы.
Кубандырчы өскөн гүл бурак,
Кең талаада эрте жаздагы.
Сөзү : Жолон Мамытовдуку
Обону : Калмурат Рыскуловдуку
Аян берет көргөн түшүм түнүндө,
Аян берет кылган ишим күнүндө.
Кар-мөндүргө кабылсам да канчалык,
Мен бактылуу болорумду сүйүүмдө.
Көкүрөгүм толо түшүп нурларга,
Аян берет ар бир өткөн жылдарга.
Мен бактылуу болорумду жашоодо,
Мен бактылуу болорумду ырларда.
Арыбаган зор санжыра бууданга,
Арбын сыры тоолорумдун чуудалуу.
Аян берет келечеги элимдин,
Мен бактылуу болорлугум тууралуу.
Сөзү : Ж.Кадыровдуку
Обону : К. Рыскуловдуку
Сүйөм сени, сүйөм күндөй көктөгү,
Сен күткөндөй сүйүүм жалп деп өчпөдү.
Өрчүп, өрчүп улуу өрткө айланып,
Өмүрүмдүн күлгүн кезин өрттөдү.
Ак сүйүүнүн шек келтирбей салтына,
Ардактасак, жетер болсок баркына.
Экөөбүздү сезмек эмес тозоктой,
Экөөбүздөн качмак эмес бакты да.
Эми билдим, сүйүүлөрдү таптаза,
Эзелтеден кайгы-капа баспаса.
Азыркыдан адамдар да бактылуу,
Азыркыдан дүйнө болмок башкача.
Өкүт ыры чын сырымдай сезилсе,
Эт жүрөгүң эңшерилип эзилсе.
Өтүнөрүм абалыма түшүнүп,
Кайрыла көр мен тирүүмдө, кечикпе.
Кайрып бир черттим Токтогул,
Караса калак болуп,
Бул балдар кайран бир жашты жоктодуң.
Кайран бир күлгүн жыйырма беш,
Кайрылып бир ай келбей окшоду.
Кайран өмүр, кайран өмүр,
Жыйырма беш.
Жашка барар болсочу,
Кайрагансып кол менен оо,
Жасап алаар болсочу
Эңкейип кеттиң ай, Токтогул
Бүгүн эсил бир жашты жоктодум
Эсил бир күлгүн жыйырма беш,
Эстесең да келбейт окшодуң
Эсил өмүр, эсил өмүр кайран жаш,
Эсиң барда моокун каз,
Эсил өмүр өткөн соң оо,
Эстесең кайра кайрылбас.
Обону : К.Рыскуловдуку
Канатындай куштардын каштарыңа мен,
Кундуз сымал капкара чачтарыңа мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Күйүп барам махабаттын аптабына мен.
Кайырма:
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым, ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.
Жүрөгүмдү эңсеткен сөздөрүңө мен,
Балбал жанган чырактай көздөрүңө мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Жалгыз келем махабаттын өстөнүнө мен.
Кайырма:
Наристедей алпейим жүрөгүм менен,
Сүттөй аппак, таптаза тилегим менен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Сүйүп калсам мен эми күнөөлүү белем?
Кайырма:
Сөзү : Нурак Абдрахмановдуку
Обону : Нурак Абдрахмановдуку
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген,
Туңгуюкка кептеген.
Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
Кара жанды кыйнамай.
Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.
Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы,
Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы.
Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы,
Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы,
Эркин ойноп жыргайлы.
Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп,
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
Бакыт канча ким билет.
Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
Качырганда билерсиң.
Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө.
Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө,
Дайым сулуу бул дүйнө.
Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай,
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай.
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
Бактыбызды байлабай.
Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң,
Миң жашасаң тойбойсуң.
|