|
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Токон Эшпаевдики
Балбылдап күйгөн чырагым элең,
"Асылым" дешкен ынагым элең.
Дүйнөдө таппас жыргалды берген,
Жылаажын үндүү ыргагым элең.
Кайырма:
Жаштык, жаштык, жалынга баттык.
Кайрылчы, тагдыр, кылбачы кастык.
Бир карап койбой жанымдан өттүң,
Ыйгардың чындап сүйүүнүн өртүн.
Түгөйүң болуп түбөлүк жүрбөй,
Жазыксыз туруп, жабыркап өчтүң.
Тагдыр, тагдыр, табарым бардыр,
Махабат үнүн өчүрбөй жандыр.
Балбылдап күйгөн чырагым элең,
Асылым менин ынагым элең.
Дүйнөдө таппас жыргалды берген,
Жылаажын үндүү ыргагым элең.
Кайырма:
Ажайып деп тоонун гүлүн искеген,
Арзуу жытын неге мурда сезбегем?
Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур бекер,
Балким, сенин жытыңды гана издегем.
Алыс кетсем илебиңди сагынам,
Ооруп калып, жытың тапсам айыгам.
Сен жыттанган шамал уруп турса деп,
Мен ичимден табияттан жалынам.
Махабат, сен бүр жыт болуп көрүңдүң,
Бир укмушун сүрүп жатам өмүрдүн.
Бүт баарына тилеп жалаң жакшылык,
Келет сага айкөл болуп көрүнгүм.
Мындай жытты кызганышар арчалар,
Арзуу жытын сезбей өтөт канчалар.
Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин,
Жытыңды искеп, анан, мүмкүн, жан чыгар.
Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем,
Жытың издеп жолго чыгам күндө мен.
Сендей жакшы жолукса да жашоомдо,
Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.
Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.
Чыркыраба, боздой бербе, сезимдерим,
Санаага түшүп анча эзилбегин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Сырымды билгендердин эсиндемин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Чыныгы күйөрмандын эсиндемин!
Сөзү : Жакшылык Алымовдуку
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Окшоштурсам сага гүл өңүн,
Азыктанат көпкө жүрөгүм.
Шаңкылдаган шайыр күлкүңдөн,
Ырахаттуу өмүр сүрөмүн.
Жылмайыңкы жылуу карасаң,
Көңүл эргип жибип баратам.
Жүрөгүмдө кайнап буу бүркөт,
Бир сүйүүдөн бүткөн арашан.
Көңүл черин үмүт уялап,
Албууттанып, жүрөк уялат.
Сырга терең курчтук сыйбаган,
Кайдан бүттү мага бул адат?
Жүрөк бетин чексиз сыялап,
Неге болдуң мынча кыянат?
Билбей жүрөм сырдын түйүнүн,
Же чыкпайбы, жаным, тыянак?
Өтсө да жылдар арадан, арадан
Өзүңдү эстеп сагынам, сагынам
Өзгөрүп мезгил турса да, турса да
Өзгөрбөйт сүйүм садагам, садагам
Кайырма:
Айгүлүм, гүлүм Айгүлүм
Алгачкы менен тун сүйүм
Ак таңдан күтчү деп коюп адашып кайда жүрөсүң.
Сагындым өткөн күндөрдү, кундөрдү
Сагынтпай койчу күндөрбү, кундөрбү
Айгүлүм күтсөм өзүңдү, өзүңдү
Кусадар кылдын жүрөктү, жүрөктү
Кайырма:
Сөзү : Атай Огонбаевдики
Обону : Атай Огонбаевдики
Күйдүм бир гана, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм бир гана десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Күйдүм, ай, жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан-Жайлоо гана деген бийик бел, ай,
Ошого кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кара көз,
Күйдүм, аа, кадырды билсең өзүң кел.
Кош теректей гана бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Боз жоолук салып түрлөнүп.
Болжолуң таап жете албай,
Күйдүм, аа,
Боздогон тайлак өңдөнүп.
|