|
Над вечерним городом моим,
Проплывают тени вечеров.
Как прекрасен ты в такие дни,
На вечерний город посмотри.
Посмотри, увидишь ту красу,
Чем объять любимый город наш?
Как прекрасны творения твои,
Мать природа, еще раз сотвори.
Кайырма:
Фрунзе – красивый город наш,
Фрунзе, цвети и радуй нас.
Фрунзе, я тебя люблю, живи…
Фрунзе - сулуу шаарым менин,
Фрунзе - гүлдөгүн, жашагын,
Фрунзе - мен сени сүйөм, жаша...
Как прекрасны творения твои,
Где родились братья и отцы.
Где всю жизнь проживешь и ты,
Проживут и правнуки твои.
Как прекрасна жизнь ты моя,
Много света, счастья и добра.
Принесешь не только одному,
Наш вечерный, любимый город наш!
Кайырма:
Жолуккандан баштап сага,
Көргүм келет, кайра, кайра.
Үзүлбөгөн үмүттөрүм,
Айланууда сансыз жылга.
Кайырма:
Сагынамын мен өзүңдү,
Жүрөк эргиткен сөзүңдү, сөзүңдү.
Сүйүүмдү сага айталбай,
Жүргөнүмө мен капамын, капамын.
Сагынамын мен жүзүңдү,
Шаңга бөлөгөн күлкүңдү, күлкүңдү.
Жүрөсүң баарын айталбай,
Жүргөнүмө мен капамын, капамын.
Кайда барсам оюмдасың,
Ойлорумдун чабуулдасың...
Ак сүйүүүмдү айталбаган,
Мүнөзүмө мен капамын
Кайырма:
Сагынамын мен өзүңдү,
Жүрөк эргиткен сөзүңдү, сөзүңдү.
Сүйүүмдү сага айталбай,
Жүргөнүмө мен капамын, капамын.
Сагынамын мен жүзүңдү,
Шаңга бөлөгөн күлкүңдү, күлкүңдү.
Жүрөсүң баарын айталбай,
Айрылганыма капамын.
Сөзү : Ж.Садыковдуку
Обону : А.Кадыровдуку
Сен менин жалжал көзүм, жалжалымсың,
Сен менин жандай көргөн ардагымсың.
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө бүт өмүрүм арнаарым чын.
Кайырма:
Жалжалым, жалжалымсың,
Ардагым,ардагымсың.
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө бүт өмүрүм арнаарым чын.
Артылып көрбөй калсам сагынычым,
Кусадан кыйын болот арылышым.
Ачык айт неге калдың кабак бүркөп,
Ачык айт эгер болсо таарынычың.
Кайырма:
Антпечи, бүркөбөчү кабагыңды,
Көрсөм дейм айдан ачык жамалыңды.
Катсаң да жүрөгүңө барчу жолду,
Ишенгин качан болсо табарымды.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Жалжал тиктеп жүрөгүмдү жаралап,
Жылмаясың жан дүйнөмдү аралап.
Сезип турам жактырасың сен дагы,
Көңүлүңө мени катып паналап.
Ой, кара көз,
Ай, карга сөз.
Билбегенсип ачылбайсың, кыйлага
Ой, садага, ой, караба,
Мени дагы, сезимди да кыйнаба.
Жаштыгыма жарык чачты жамалың,
Эмнегедир келе берет карагым.
Сезип турам сыңарындай жакынсың,
Сени гана эмнегедир карадым.
Ой, кара көз,
Ай, карга көз.
Билбегенсип эс саласың сыйдана
Ой, садага, ой, караба,
Өзүңдү да мени дагы кыйнаба.
Сезимимден такыр кетпейт элесиң,
Сен ичиңден өзүңдү-өзүң эзесиң.
Эмне оюң бар, же бир ачык айтпасаң,
Ансыз өлүм бул азаптын желеси.
Ой,кара көз,
Сен дагы сез.
Махабаттан ажырайбыз сыйдана.
Ой, санаага, ой караба,
Өзүңдү, мени дагы кыйнаба.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Көрүп калдым жаным сени көл жээгинде,
Эстен танып суу жылгылдым элесиңе.
Ак-куу болуп көл бетинде сүзүп жүрүп,
Сезбей мени учуп кеттиң жетеримде.
Кайырма:
Келчи, келчи Айпери,
Айпери жүрөгүмдү белек кылып берейинчи.
Берейинчи Айпери кыйнабачы,
Кыйнабачы жаным мени.
Түн ортосу дале турам көл жээгинде,
Сени күтүп зар боломун элесиңе,
Жылдыз болуп жыл эттиңда мени карап.
Жылып кеттиң эми кана жетеримде,
Келчи, келчи Айпер, Айпери.
Кат жызышып жүргөн элек мектепте,
Ошол күндөр дале түшөт эсиме.
Жүрөгүмдөн сүйгөн элем мен сени,
Наристелик сезим беле ал деги.
Кайырма:
Айылдын четинде,
Турамын кечинде.
Сүйүүгө мас болуп ай,
Күткөнүм эсим.
Күндө келе терезеңдин түбүнө,
Сен чыгасың угуп гитар үнүнө.
Көзүн жанат мени карап кыялдуу,
Ай нуруна түшөт жүзүң чырайлуу.
Кайырма:
Кат жазышып жүргөн элек мектепте,
Ошол күндөр дале түшөт эсиме.
Күтпөйт экен зымыраган убакыт,
Баргым келет ошол күнгө уурданып.
Кайырма:
Сөзү : Р.Маматкуловдуку
Обону : Р.Маматкуловдуку
Оштон чыгып жол тарттым мен Бишкекке,
Жол кезүүдө түш көрдүм мен бир кезде.
Көргөндө да укмуш ысык иш көрдүм,
Айдай сулуу, ак куу сымал кыз көрдүм.
Кайырма:
Ош-Бишкек жолунда,
Айдаганым Мерседес.
Жанымдагы чүрөгүм,
Мерседестен кем эмес.
Бир мезгилде мен түшүмдөн ойгондум,
Чочуп кетип, өзүмчө бир толгондум.
Көргөн түшүм айланса дейм өңүмө,
Андай түштөр жагат экен көңүлгө.
Кайырма:
Сүйгөнүм келчи жаныма,
Издеймин сени дайыма.
Жанымда бирге отурсаң,
Сен үчүн мен ырдасам.
Сүйгөнүм менин.
Алтыным менин кайдасың,
Сени издеп такыр таппадым.
Кыйнабай келчи жаным,
Ойлоймун сени дайым.
Сүйгөнүм менин.!
Сени деп өттү күндөрүм,
Ойлосом ооруйт жүрөгүм.
Кыйнаба мени,
Ойлоймун дайым сени.
Сүйгөнүм менин!
Кубанычтуу күндөр өттү арадын,
Эстейинчи өткөн күндү кайрадан.
Ошондо сен 18 жашта элең,
Мени сүйүп жүрбөдүңбү билбеген.
Кайырма:
Айтчы, айтчы Айзадам сен!
Унуттуңбу сүйгөнүңдү?.
Эмне үчүн жараладың?
Жараладың жүрөгүмдү?.
Эсиңдеби айткан сөзүң сен мага,
Сенсиз жашоо жокго дедиң дүйнөдө.
Бирок мени алдап кеттиң ошондо,
Ишенгенмин сенин айткан сөзүңө.
Кайырма:
Кошула албай эчкимисинин оюна,
Кечирип кой бара албадым тойюңа.
Кеткениңде зымырады жүрөгүм,
Кош бол эми бактылуу бол сүйгөнүм.
Кайырма:
Ак-куудай боюң буралып,
Ак халат кийсең суналып.
Ак денең сенин мөлтүрөй,
Айпери сымал нурданып.
Кайырма:
Жана-жана-жанарым ,оо,
Сагындым жүрөгүм, оо.
Ак балыктай чубалып,
Ак көйнөк кийсең буралып.
Ак бетиң сенин мөлтүрөйт,
Ак мөңгү сымал нурданып.
Кайырма:
Ак жолук турсаң салынып,
Ай нуру сагы агылып.
Ак тамагың мөлтүрөй,
Ак бермет алсаң тагынып.
Кайырма:
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Б. Алишеровдуку
Талантка элим көңүл бөл,
Талапкер жаштын көбүн көр.
Талпынып учкан ыр менен,
Тазарып турсун көңүлдөр.
Ыр майрам - салтанат,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Кутмандуу ырчылар,
Кубулжуп турчулар.
Керемет көл күтөт,
Келгиле курчуңар.
Жылдызы жылдын деп,
Эл күтөт бул ким деп.
Алгандар мөрөйдү,
Аталсын булбул деп.
Жарышат мукам көп үндөр,
Жадымда калсын бул күндөр.
Жалындап күйгөн ыр менен,
Жашарып алсын өмүрлөр.
Ынтымак аркалап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Тымызын көлгө кылчайып,
Тыңдасын дүйнө тынч алып.
Тосолу таңды ыр менен,
Тоолордон бийик үн салып.
Ук, дүйнө, кайталап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
|