|
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Жарыгы ачкан ай болсо,
Айланаң толо түн болду.
Нурларың чачкан күн болсо,
Өзүңө жаным кул болду.
Кайырма:
От болдум, күйүп болдум,
Шириним, жаным, ашык болдум.
Бир көргөндө тартып алган,
Чырайыңа жакын жан болдум.
Чалкыгын сулуу көл болсо,
Ашыгы аккан сел болду.
Ашуусу бийик бел болсо,
Эңсөөдө учкан жел болду.
Кайырма:
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Сөзү : Дооронбек Садырбаевдики
Обону : Жанышбек Кочкоровдуку
Жаштык кез ырын ырдайлы,
Жалындап күйүп, жыргайлы.
Жүрөктөр жакын экенин,
Жүзүбүз айтып турбайбы.
Кырчын кез ырын ырдайлы,
Кылымдар айың кылбайбы.
Кыялдар шейкеш келгенин,
Кылыгың айтып турбайбы.
Ашыктык ырын ырдайлы,
Алышып ойноп, жыргайлы.
Көңүлдөр туура келгенин,
Көздөрүң айтып турбайбы.
Сыпайы сүйлөп үн салып,
Сырдашсаң жүзүң нур чалып.
Сыныма толбос жан болсоң,
Сыздабайт элем мынчалык.
Кашкайып күлүп үн салып,
Кайгысыз жанга сыр салып.
Кадырга толбос жан болсоң,
Какшабайт элем мынчалык.
Жолукчу мезгил бүдөмүк,
Жолубуз башка түбөлүк.
Көрүшпөй кетсек эсен бол,
Көңүлдө бирге жүрөлүк.
Табышчу мезгил бүдөмүк,
Тагдырлар башка түбөлүк.
Кыйышпас эркем, эсен бол,
Кыялда бирге жүрөлү.
Сөзү : Ж.Кайыповдуку
Обону : Ж.Кайыповдуку
Көлдүн үстү толкунду аралады,
Көңүл учун канткенде табаламын
Кандай кылам күндөгү жалгыз кайык
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.
Калак шилтем баратам түгөй издеп
Табияттын татына жытын искеп
Кубаныч күтүп, үмүттө жашасам да,
Кыйын экен чыдаган үмүт үзбөй.
Көл бетинде бүлбүлдөп күйөт жарык,
Кумарланам көркүнө, сүзүп барып
Мага булгап жолугун, ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Сөзү : А.Иметкуловдуку
Обону : Ч.Сатаевдики
«Аке» деген сөзүңдөн айланайын,
Акең болуш менин да самаганым.
Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен,
Урмат-сыйды тартуулап,
Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым.
Кайырма:
Э-э-й, түштүк кызы,
Карындашым, садага,
Карындашым, садага,
Садагасы...
Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын,
Алып эле баратат арбаганың.
Наристем, оо, назыңдан кагылайын,
Наристем, ай, назыңдан ананайын.
Кайырма:
Азырынча мен акең болуп койсом,
Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом.
Кап этпегин, карындаш, анан, анан,
“Аке” деген оозуңдан соруп койсом.
Сөзү : Абдыжапар Эгембердиевдики
Обону : Алымбек Коробаевдики
Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин ошол элесиң,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Тумарым, ай-ай, Тумарым,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы,менин сүйгөн Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Аясаңчы менин сүйгөн Тумарым.
Сөзү : А.Токтомушевдики
Обону : Т.Эшпаевдики
Акманым ай, Акманым,
Туулган жери пахтанын.
Жаш баладай сүйүктүү,
Жаш баладай аппагым.
Ай, Акманым, пахтанын кени,
Пахтанын жери Акманым.
Акманым ай, Акманым,
Ак тузуңду таткамын.
Көңүлүмдү шат кылып,
Жыргалыңа баткамын.
Акманым жыргалыңа батып,
Ак тузуңду таткамын.
Акманым ай, Акманым,
Жылдыз жүздүү жаштары,
Кыз сулуусу өзүңдөй,
Акманым ай, Акманым,
Ай, Акманым жаштары сулуу
Кыздары нурдуу Акманым,
Жаштары сулуу Акманым
|