|
Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага,
Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана.
Тартынбай бери карап күлчү, жаным,
Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным,
Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным.
Аралап жаш шиберди келесиң сен жаныма,
Сезимиң уялыңкы сезилет мага гана.
Тартынбай бери карап күлчү, жаным,
Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным.
Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным,
Жүрчү, жаным.
Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага,
Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана.
Тартынбай бери карап күлчү, жаным,
Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным.
Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным,
Жүрчү, жаным.
Шаардык кыз Аида, Аида, Аида,
Жүрчү кетеличи биздин айылга.
Шар аккан суу бойлоп
Жүрөлү кечке ойноп
Бардыгы окей биздин айылда.
Биздин айыл улуу тоонун боорунда,
Бирге бассаң жетелешип сонун да.
Биз жаралган ошол тоонун гүлүнөн,
Белек кылам шаардык кыздын колуна.
Көк тийбеген ошол тоонун боорунда,
Көп гүлдөр бар араласаң сонун да.
Терип келип ошол тоонун гүлүнөн,
Тартуу кылам шаардык кыздын колуна.
Эртели-кеч үйдөн чыкпай жатасың,
Эрмек кылып тамекини тартасың.
Кечиндеси көңүл ачып келүүгө,
Көчө бойлоп, бак аралап басасың.
Жашың төгүп терең ойго батасың,
Жүрөк сырың эч кимге айтпай катасың,
Өмүр деген өтүп кетет билинбей,
Түшүнбөймүн неге мынча капасың?
Кайырма:
Сөзү : Махабат Молдалиеваныкы
Обону : Апаз Жайнаковдуку
Болукшуган жаштыкта убай калды,
Бойго сиңип таралбай кумар калды.
Арзышпаган түнүмдө арман калды,
Ак сүйүүдөн тигилип тумар калды.
Айтылбаган өзгөчө сырлар калды,
Арналбаган өзүңө ырлар калды.
Жалындаган жаштыкты жашка чайып,
Жакындашып баспаган кырлар калды.
Көңүлүмдө басылып сөзүң калды,
Көз алдыга тартылып элес калды.
Жеңилбеске бет албай сезимдериң,
Жетелешип баспаган белес калды.
Сөзү : С.Кадыровдуку
Обону : А.Жайнаковдуку
Жүзүңдөн күлкү, шаттык арылбасын,
Күлкүңдөй тунук болчу, карындашым.
Сүйүүңдүн күчүн сезген күндөн баштап,
Мен эми тагдырыма таарынбасмын.
Көзүңдөн жанат жаштык, карындашым,
Жалбарам, махабатың жаңылбасын.
Аттиң, ай, кайда кеттиң байкалбастан,
Зарыгып издегеним, табылбасым?
Бир шаарда жашасак да, карындашым,
Кээ күнү кол жетпеген алыстасың.
Түшүнөм, түшүн, жаным, сен да мени,
Сезимдер кусалыкка кабылбасын.
Сөзү : Тургуналы Нурматовдуку
Обону : Тургуналы Нурматовдуку
Кубанычтар дайра болуп агылып,
Келин келет ак шөкүлө жамынып.
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн,
Той башталды, той башталды, той башталды,
Алакандар, алакандар чабылып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Ак тилектер, ак ниеттер айтылып,
Апалардын чачыласы чачылып.
Кана эмесе, оо, туугандар ак жол тилеп,
Каалайлы, каалайлы, каалайлы,
Узун өмүр, узун өмүр, чексиз бакыт.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Жоодураган көздөр көзгө кыналып,
Жашагыла жазгы гүлдөй буралып.
Абийирдүү, ар намыстуу болсун деп,
Ата-энеңер, ата-энеңер, ата-энеңер бата берет, бата берет кубанып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Кубанычтар дайра болуп агылып,
Келин келет ак шөкүлө жамынып.
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн,
Той башталды, той башталды, той башталды,
Алакандар, алакандар чабылып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун бүгүнкү,
Үйлөнүү тоюңар.
Сени ойлойм ушул мүнөт азыр да,
Жоодураган көздөрүңдү сагынам,
Басып келип колдорумду кармалап,
Туруп турчу бир мүнөткө жаныма,
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Асмандагы ак жылдыздай жаркырап,
Мөлтүр булак аккан суудай шарпылдап
Сенин сүйкүм сенин назик элесиң,
Ээлеп алды жүрөгүмдү таңуулап.
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Жаштар жүрөт көчө аралап басышып,
Эч капасыз көңүлдөрүн ачышып.
А мен жалгыз жүрөм азыр көчөдө,
Жүрөгүмдө сүйүү оту чачышып.
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң, кайда үйүң?..
Сөзү : Т. Нурматовдуку
Обону : Т. Нурматовдуку
Тууган жакшы болсо, болсо,
Таркабаган кумардай.
Ийгиликке себепкер, себепкер,
Энең таккан тумардай.
Тууган жаман болсо,
Колуңда болсо коюңдай.
Узөңгүдөн бут тайса,
Алкыңдан алат моюндай.
Узөңгүдөн бут тайса,
Алкыңдан алат моюндай.
Коңшу жакшы болсо,
Кубанычка бөлөнүп, бөлөнүп.
Ырыс-кешик насипти,
Бири-бириңе тартып.
Коңшу жаман болсо,
Сатканы саткан ушактап.
Артыңдап сайып бычакты,
Жүзүңдөн ай чыгат кучактап.
Келин жакшы болсо, болсо,
Туурга бакыт конгондой.
Ынтымакка шериктеш,
Сайкал себеп болгондой.
Келин жаман болсо,
Эл ичинде пас кылат.
Душманыңды арбытып,
Досторуңду, досторуңду,
Досторуңду кас кылат.
Душманыңды арбытып,
Досторуңду, досторуңду,
Досторуңду кас кылат.
Куда жакшы болсо, болсо,
Пейилге бүткөн жан куда.
Эки жашка нур чачкан,
Караңгыда шам чырак.
Куда жаман болсо,
Көңүл муздак, сыйлабайт.
Ортосуна суу чачып,
Эки жашты эй,
Эки жашты ыйлатат.
Ортосуна суу чачып,
Эки жашты эй,
Эки жашты ыйлатат.
Жубай жакшы болсо,
Жаманыңды жашырат.
Ооруңду алып колуңдан,
Оюңду ишке ашырат, ашырат.
Жубай жаман болсо,
Каарына калып Кудайдын.
Сенден сырын жашырат,
Башыңа салып убайын.
Сенден сырын жашырат,
Башыңа үйүп убайын.
Жакшы менен жамандык,
Бирге жүрөт жанашып.
Биз жүрбөйлүк турмушта,
Жолубуздан адашып.
Биз жүрбөйлүк турмушта,
Жолубуздан адашып.
Биз жүрбөйлүк турмушта,
Жолубуздан адашып...
|