|
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге айтып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм, кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Арбалсаң бир келерсиң,
Эстегенде бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм, көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Акыретке кеткен келе элек,
А дүйнөнү айтып бере элек.
Өкүнүчү арбын болсо да,
Өмүр, чиркин, өзү керемет.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет.
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Гүлдөр дагы кышта жайнабайт,
Булбул дагы гүлсүз сайрабайт,
Өмүр кыска, бакыт көз ирмем,
Жаш кезекти бизге байлабайт.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет.
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Кадырлашып жүрүп өтөлү,
Карылыкты мезгил жоё элек.
Адам уулу өлбөс боло элек,
Аңдыганын ажал коё элек.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет.
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Учуп жургөн ак куудай
Көрүнөсүң көзүмө
Сени мен эч кармай албай
Канат тосуп сөзүмө
Неге мени алдадың
Ачык сөздү айта албай
Балким башканы сүйдүң
Же мени сен жактырбай
Кайырма :
Оо, Нуриза сүйгөнүм сен
Нуриза түшкө кирчи сен кайра
Нуриза көргүм келет көзүңдү,
Нуриза, уккум келет сөзүңдү.
Зымыр этет телефон
Алло, алло ким экен?
Алло, алло мен Чолпон
Нуриза келбейт экен
Эмне үчүн айт Чолпон
Нуриза келбейт экен
Тамашалайт сөз жоктон
Калп айтам мен Нуриза.
Акыркы ырым болсо да,
Сен үчүн бул жаралды.
Терс бурулуп карасаң да,
Укчу менин ырымды.
Канча ирет мен кайталаймын,
Кайгыртпа жалгыз мени.
Эми барууга суктанбайм,
Болду мен эми сүйбөйм сени.
Кайырма:
Кош бол, сүйүү, азыр сен мага бөтөн,
Мени алдап сен сүйгөн,
Мага сен түшүнбөгөн,
Сулуу кыз элең.
Сүйүүдө болот коштошуу,
Бирок сен жакшы билсең.
Жүрөгүмдөгү кайгыруу,
Эстен чыкчу сен кетсең.
Балким, башканы сүйөрсүң,
Бактылуусуң сен анда.
Эми сен башка чүрөксүң,
Мен жок бөтөн жаныңда.
Кайырма:
Сүйөм жаным деп, сен мени алдап,
Ак сүйүүмдү жерге таштадың.
Мага билдирбей ашыкча тандап,
Кучагына кирдиң башканын.
Сезбей алданып, мен жүргөнүмдү,
Бул жашоодо катуу жаңылып.
Арнайм башкага мен жүрөгүмдү,
Эми сага барбайм жалынып.
Кайырма:
Жок, жок, жок сенин керегиң жок мага
Жолумдан тосуп кечирим сураба
Жашоодо кыйналсаң да, жаш төгүп ыйласаң да
Эми ишене албайм мен сага.
Жүрөк жибитип сен күлүп койсоң,
Көрүнчүсүң жанган жылдыздай.
Эгер мурда сен ак гүлүм болсоң,
Азыр калдың бейтааныш кыздай
Сүйөм жаным деп сен мени алдап
Ак сүйүүмдү жерге таштадың
Мага билдирбей ашыкча тандап,
Кучагына кирдиң башканын
Кайырма:
Биз бой жетип туш-тарапка тарадык,
Жолугууну эми гана самадык.
Бирге жүргөн курбуларым, келгиле
Сырдашалы, таңдар атсын агарып.
Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.
Эстейличи окуучулук күндөрдү,
Бирге ойноп шайыр жүргөн күндөрдү.
Өттү эми канча жылдар арадан,
Курбуларым мен силерди сагындым.
Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.
Сүрөттөрдө калды элес балалык,
Эңсеп жүрөм бир көрүүнү кайрылып.
Уктап кетсем жолугамын силерге,
Кадимкидей мектептеги каткырык.
Биз бой жетип туш-тарапка тарадык,
Жолугууну эми гана самадык.
Бирге жүргөн курбуларым, келгиле,
Сырдашалы, таңдар атсын агарып.
Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн.
Арген назик үнүңөн, балалык.
Эстейличи окуучулук күндөрдү,
Бирге ойноп шайыр жүргөн күндөрдү.
Өттү эми канча жылдар арадан,
Курбуларым, мен силерди сагындым.
Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.
Таласка барчу бел менен,
Тамаша курчу эл менен.
Токомдун ошол сүйүүсү
Тең келчү Ысык-Көл менен.
Ала-Тоо таңы аткандай,
Алымкан эле акмаңдай.
Акындын ошол сүйүүсү,
Соолубай Наарын аккандай.
Турса да тоолор сурданып,
Толукшуп ай да нурданып.
Токтогул сүйгөн Алымкан,
Тоолордо калды ырдалып.
|