|
Каректен кетпей байланып,
Кан менен жылып айланып.
Жаштыгым менен жан биргем,
Жай түнү белең ай жарым?
Эстесем жүрөк жалбарып,
Элесиң кетпей байланып.
Күлгөнүң баары мен үчүн,
Күн белең чыккан таң жарып?
Жабырга чөксөң ой карып,
Жаш өтсө дене, бой карып.
Жаштыгым өтүп кетерин,
Жан биргем, жүрчү ойго алып.
Көрсөм деймин сени гүл бактарды аралай
Кучак толо терчү элек го гүл тандай
Ал күндөрдө калып сенин ак сүйүүң
Акырында кеттиң эле карабай
Мейли анда деп сага ак тилегим каалагам
Не болсо да бактылуу бол садагам
Деген күндөр өтүп кетти билинбей
Мен да эми тагдыр менен табышкам
Мына эми деп дагы жолугуштук кайрадан
Андан бери канча өттү арадан
Жүрөгүмдө кеткис жараат болсо да
Махабатым өчүп кайра жаралган
Жаап жаттың, эске салдың,
Ошондогу махабатым, аппак кар.
Жан дүйнөмдү ээлеп алдың,
Кубаттадың алсыз жаным, аппак кар.
Сезимимди ойготконсуң,
Жүрөгүмдү толготконсуң, аппак кар.
Үмүтүмө үмүт кошчу,
Жаай берчи, токтобочу, аппак кар.
Кайырма:
Ак кар, ак кар, ак кар,
Сенде балалык сезим,
Сенде тазалык сезим бар.
Сенде бар сүйүү деми бар
Ак кар, ак кар, ак кар,
Сенде ак сүттүн жүзү бар
Сенде ак тилек, үмүт бар.
Сенде бар жашоо кеми бар.
Сагынганда, саргайганда,
Ишенемин дале сага, аппак кар.
Сен келесиң, дем бересиң,
Наристедей тогуз айда, аппак кар.
Азыр мына сен жанымда,
Көз уялып, айланамда аппак кар.
Мени менен кошо жүрчү,
Аз да болсо өмүр сүрчү, аппак кар.
Кайырма:
Жаныбызда жалындаган жаштык бар,
Жаштык менен жаралганбыз, "Жаш кыял".
Жүрөгүбүздө толгон обон, толгон ыр,
Көңүлдөрдө көөнөрбөгөн шаттык бар.
Кайырма:
Жашырбасаң, "Жаш кыял", ак сүйүүнүн сырларын,
Ырдап келет "Жаш кыял" замандагы ырларын.
Жаңы обонду, жаңы ырды жаратып,
Бийлеп-ырдап, ырын элге таратып.
Жашап келет ыры менен "Жаш кыял",
Элге тынчтык, ынтымакты каалашып.
Кайырма
Сөзү : Ж.Шералиевдики
Обону : Ж.Шералиевдики
Көркөмүң көздү талдырган,
Көгүчкөн сенсиң ойлосом.
Көктөн бир сызып качырган,
Көк шумкар болуп койбосом.
Көңүлдө толуп кир калат,
Көрүшпөйбүз дегенсип, дегенсип
Күдөрүм үзүп койбосоң.
Жактырса бир күн түшөр деп,
Жашылдан жибек жайдым тор.
Жаштыктын сырын билер деп,
Жактырып сизге сундум кол.
Жалындаган жүрөктү,
Жаа менен тоссоң өзүң бил, өзүң бил.
Жароокер жигит, эсен бол.
Акыры бир күн түшөр деп,
Ак жибектен жайдым тор.
Албырган жүрөк сүйүүсүн,
Алар деп эстеп сундум кол.
Айтсаңчы ачык жообуңду,
Албасаң колум тартайын, тартайын.
Айтылуу жигит, эсен болот!
Канатым болсо учат элем,
Алдыңа мен барат элем.
Ак сүйүүмдү айтып сага,
Жүрөк дартын жазат элем.
Оо, Анарам, Анарам,
Оо, Анарам, Анарам.
Көрсөм деймин ак жүзүңдү,
Уксам деймин ширин сөзүңдү.
Анарам деп кыйнайт жүрөк,
Дайым сени эңсеп жүрөм.
Бозоргон тоонун этеги,
Бозоруп туман кетеби?
Бото көз анда, мен мында, ээ-эй,
Боздосом үнүм,
Зарласам үнүм,
Муңкансам үнүм жетеби?
Карарган тоонун этеги,
Карарып туман кетеби?
Кара көз анда, мен мында, ээ-эй,
Какшасам үнүм,
Кайгырсам үнүм,
Кыйкырсам үнүм жетеби?
Көл боюнда четинсиң,
Көркөмдүү жигит экенсиң.
Көркөмдүү бойдон жүрө бер, ээ-эй,
Көз кызсам келбейт,
Ымдасам келбейт,
Ырдасам келбейт экенсиң.
Суктансам келбейт,
Сурансам келбейт,
Сыздасам сезбейт экенсиң.
Аскарым сен, асманым сен мекен-жер,
Ата-бабам сени тапкан кеменгер.
Жаным бирге ак калпактуу мекеним,
Тең келбестир бир өзүңө бөтөн жер.
Кайырма:
Үч кыл комуз дабышы,
Жүрөгүмдүн кагышы,
Кыргызымда сакталат,
Манас ата намысы.
Ата журт алгалай,
Өркүндөп-өсө бер,
Мекеним - Кыргызстан.
Башы мөңгү, этеги күн турагым,
Көрсөң бермет, ичсең шербет булагын.
Ала-Тоодон ай-ааламга жар салып,
Бүркүт шаңшыйт азаттыктын ураанын.
Кайырма:
Ак, боз үйлөр Ала-Тоого жарашып,
Алыс кетсем атыр жытын саматып.
Дүбүртүңдөн шаңдар аткан мекеним,
Дүңгүрөй бер дүйнө жүзүн каратып.
Кайырма:
|