|
Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман,
Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан.
Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган,
Кандай жансың көз отумду байкабай калган?
Кайырма:
Сырга айланган, ырга айланган,
Жан, жан, жан,
Жолуктуң кайдан?
Акылдан алдың, азапка салдың.
Жан, жан, жан,
Жолуктуң кайдан,
Акылдан алдың, азапка салдың.
Сага деген армандарым айтылбай калды,
Сени дегдеп көңүл черим жазылбай калды.
Сезимдерди чокко салдың, бейтааныш жигит,
Сарсанаадан калган күнүм арылбай калды.
Кайырма:
Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман,
Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан.
Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган,
Кандай жансың көз отумду байкабай калган?
Кайырма:
Санаага салып, асылым, бактым,
Сары оору болуп сагыныч таптым.
Жомокто кайып болгон перимдей,
Жол учун издейм, кай жакка каттың?
Түнү-күн издеп көзүм талгандай,
Түшкө кирбейсиң, көңүл калгандай.
Жабыркап жаным, азап чегемин,
Жалгыздык мага бүтпөс армандай.
Күтүп жаз-жайды өзүмдү азгырдым,
Күз жалбырагын жазып кат кылдым.
Кучактап сени "тапсаң өпкүн" деп,
Кусалыгымды желге тапшырдым.
Байыркы Ош кандай бир кооз,
Кышында да, жайында.
Карааныңды карай берем,
Мен жөлөнүп кайыңга.
Сулайман тоо, Пайгамбар тоо,
Жаш перидей көркүң бар.
Адам тургай эрип кетет,
Делебеңе тийген кар.
Кайырма:
Бала тилеп, бакыт тилеп,
Канча элдер сыйынат.
Өмүр тилеп, тынчтык тилеп,
Элим кылат зыярат.
Сулайман тоо, Пайгамбар тоо,
Колдоп жүрөт элимди.
Байыркы Ош кандай бир кооз,
Пир тутамын мен сени.
Теребелди туман каптап,
Турса деле сулуусуң.
Үч миң жылдык калкы турган,
Улуулардан улуусуң.
Эртең менен намаз үнү,
Көккө бөлөйт калааны.
Тоодон чыккан күн шооласы,
Кытыгылайт баламды.
Кайырма
Жамгыр төгөт көчөлөргө, берип сүйүү белгисин,
Сени издейм көчөлөрдөн, жалгызсырап өмүрүм.
Эске салып ошол күндү сени менен бир жүргөн.
Сени ойлоп көз жаш акты жаз жамгырга окшогон.
Кайырма:
Жамгырлуу жаз, жашын төккөн,
Жамгырлуу жаз, жашыл көктөм.
Жамгырлуу жаз, сени өпкөм,
Жамгырлуу жаз, нөшөрлөгөн.
Жамгырлуу жаз...
Жүрөктөрдө билинбей, жаз сүйүүсү башталат,
Жымың этип жылдыз учкан, айлуу түндөр аркалап.
Жаштык сүйүү, жаз жамгыры бүгүн кайра нөшөрлөп,
Алыс калган жаз жамгырын биз тособуз экөөлөп.
Кайырма:
Жамгырлуу жаз, жашын төккөн,
Жамгырлуу жаз, жашыл көктөм.
Жамгырлуу жаз, сени өпкөм,
Жамгырлуу жаз, нөшөрлөгөн.
Жамгырлуу жаз...
Сен деп бир согот жүрөгүм, жүрөгүм,
Өзүңсүз өтөт өмүрүм, күндөрүм.
Эгерде мени сүйбөсөң,
Эмнеге айттың күт дедиң,
Эмнеге айттың күт дедиң,
Күт дедиң.
Кайырма:
Закымдап учат ой-санаа,
Өзүңө жетер күн кайда?
Сүйгөнүм сенсиң Гүлнара.
Кайрадан келет издегим өзүңдү,
Кайрадан келет искегим жытыңды.
Эгерде мени сүйбөсөң,
Эмнеге айттың күт дедиң,
Эмнеге айттың күт дедиң,
Күт дедиң.
Кайырма:
Сен деп бир согот жүрөгүм, жүрөгүм,
Өзүңсүз өтөт өмүрүм, өмүрүм.
Эгерде мени сүйбөсөң,
Эмнеге айттың күт дедиң,
Эмнеге айттың күт дедиң,
Күт дедиң.
Кайырма:
Сөзү : А.Барпиевдики
Обону : Исрадин Аманбаевдики
Мен тоолорду сагынам,
Мелтиреп анда кар жатса.
Мелжиген бийик чокулар,
Мээрими күчтүү сыр катса.
Айланып келем күнү-түн,
Ашыктык артып тоо жакка.
Кайырма:
Жанаша бассаң
эргиткен,
Жайлоонун көркү
келишкен.
Жайдары мүнөз, кумар көз,
Тоолук кыз болду
периштем.
Тоо жели беттен сыласа,
Толкундайт жүрөк
кайрадан.
Топ улар үнү угулат,
Тоо гүлүн жыттап сайраган.
Ансайын күчөп махабат,
Сен болдуң жипсиз
байлаган.
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Сары-Ойдун салкын тоосунан,
Сагызган учат зоосунан.
Санаама алып издесем,
Кантейин, таба албай койдум ордунан.
Көк-Ойдун көпкөк тоосунан,
Көгүчкөн учат зоосунан.
Көңүлгө алып издесем,
Кантейин, көрө албай койдум ордунан.
Салкындуу жерге, Сары-Ойго,
Сагызган барып конбойбу?
Зарлантып мени койгончо,
Кантейин, санаалаш болсоң болбойбу?
|