|
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Сары-Ойдун салкын тоосунан,
Сагызган учат зоосунан.
Санаама алып издесем,
Кантейин, таба албай койдум ордунан.
Көк-Ойдун көркөм тоосунан,
Көгүчкөн учат зоосунан.
Көңүлгө алып издесем,
Кантейин, көрө албай койдум ордунан.
Салкындуу жерге, Сары-Ойго,
Сагызган келип конбойбу?
Зарлантып мени койгончо,
Кантейин, санаалаш болсоң болбойбу?
Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан,
Колума кызыл гүл алып
Келаткан күндү сагынам.
Алыстап суунун шарынан,
Айтылып сырлар абыдан.
Ар дайым бирге болууга
Антташкан күндү сагынам.
Сагынам, жаным, сагынам,
Алыссың кантем жанымдан?
Сүйгөнүн эстеп сагынуу
Эң кыйын экен баарынан.
Сүйгөнүн эстем сагынуу
Эң кыйын экен баарынан.
Айдай деймин келбетиңди,
Жылт этсе да ай сага.
Күн сайын ал көрүнөт,
Күтөм сени мен канчага?
Шылдырына, ай, булактын,
Обонумду мен теңедим.
Күлкү толгон көздөрүңө,
Теңдеш таппай келемин.
Кайырма:
Нурия, Нурия
Ак сүйүүмсүң сен мага.
Нурия, Нурия,
Күтөм сени мен канчага?
Атаке, бактыбызга эсен болгун,
Эркелеп маңдайыңда мен чоңойдум.
Атаке, балдарыңдын сыйын көргүн,
Атаке, балдарыңдын тоюн көргүн.
Атакем, оорубастан эсен жүргүн.
Ээ-эй, дүйнөдө ата-эне дайым болсун,
Балдары ата-энесин кордобосун.
Бул күндө ата-энебиз аман болсун!
Чоң ата, чоң энемдер, келгилечи,
Таене, батаңарды бергилечи.
Туугандар, келгилечи чогулалы,
Чогулуп жарык маанай отуралы.
Өткөндү, кайгыны биз унуталы.
Ээ-эй, балалык, жаштыгым өттүбү кайгыда?
Эми мен өткөрбөйм, максатым алдыда.
Өмүрдү өткөрбөйм мен эми кайгыда,
Мен эми өткөрбөйм, максатым алдыда.
Атаке, бактыбызга эсен жүргүн,
Эркелеп маңдайыңда мен чоңойдум.
Атаке, балдарыңдын сыйын көргүн,
Атаке, балдарыңдын тоюн көргүн.
Атакем, оорубастан эсен жүргүн.
Сөзү : Т.Айтмаматовдуку
Обону : Т.Айтмаматовдуку
Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап,
Эркелетип окутам деп "каз-каздап".
Эркелеттиң, "айланайын уулум" деп,
"Мен уулумдун көтөрөйүн уулун" деп.
"Мен уулумдун көтөрөйүн кызын" деп.
Кайырма:
Апакем, апакем,
Кадырлуусуң дайым сен.
Эгер азыр сен болсоң,
Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен.
Эмне кылам, не кылам?
Арга таппай мен турам.
Жайыңыз жаннаттан болсун деп
Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан.
Апа деген ушунчалык ыйык белең?
Элесиңди жүрөгүмө сактап келем.
Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары
Дүйнөдөгү ыйык сөздү "апа" деген?
Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын,
Көрбөйсүң го байчечекей ачканын.
Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун,
Небереңдин жаңы там-тум басканын.
Небереңдин энекелеп айтканын.
Кайырма:
Сага арнап жакшы ыр жаздым,
Сага айтам жүрөк сырларын.
Сени менен өмүр уладым,
Толкунданып бүгүн ырдадым.
Кайырма:
Балдардын көрсөк убайын,
Батасын алып туугандын.
Бактылуу өмүр сүрөлү,
Эркелеп койчу, жубайым.
Сапар улап алыстан келемин,
Сага арнаган менин белегим.
Өмүр бою менин керегим,
Кымбатым менин кыздарым,
Кыйналбасын балдарым.
Өксүү эмне билбесин,
Ата-эне арманын.
Кайырма:
Кыш келди, аппак кардай сүйүү келсе,
Сүрдөнүп сүйкүмдүү кыз ырдап берсе.
Ыр менен мага болгон ак сүйүүсүн,
Аяздуу аппак карда айтып берсе, жакшы нерсе.
Кел, достор, бийлейличи Жаңы жылда,
Бул күндөр эсте калсын бир кылымга.
Жаңы жыл, жаңы майрам, тунук сүйүүм,
Кош болгун, кош дей албайм бала күнүм.
Досторум бул кечеде ырдайт эркин,
Кыздарга сөз айта албай алар эрип.
Кучактап өбөт беттен, бирок тойбойт,
Убакыт өтпөсө деп жигит ойлойт, кыздар болбойт.
Жаңы жыл, жаңы майрам, тунук сүйүү,
Кош болгун, кош дей албайм бала күнүм.
Кел, достор, бийлейличи Жаңы жылда,
Бул күндөр эсте калсын бир кылымга.
Сөзү : Жамал Эшалиевдики
Обону : Т.Айтмаматовдуку
Эстей берем унута албай элесиң,
А сен, апа, түбөлүк сыз жердесиң.
Куса болуп бейитиңе келгенде,
Кайрат кыл деп жүрөккө дем бересиң.
Алтын апам, кымбат элең биз үчүн,
Асыл элең ага-тууган, эл үчүн.
Балдарым деп төккөн эне мээримиң,
Бакыт эле, ырыс эле биз үчүн.
Алтын апа, кеттиң неге эртелеп?
Баса албадың небереңди жетелеп.
Кайгы басып, боздоп ыйлап буркурап,
Кала берди балдарың бой жете элек.
Урмат көрүп жашаар кезде ачылып,
Апакебай, сенден калдык айрылып.
Балдарым деп айткан насаат сөздөрүң,
Унутпастан биз эстейбиз кайгырып.
Укта, апа, гүл кучактап уктагын,
Биз ыйлайбыз, бирок аны укпагын.
Периштелер гүлзарынан узаткан,
Атыр жыттуу бейиш гүлүн жыттагын.
Айзирегим сен, ай перим белең?
Өз ата-энем күткөн жаш келин белең?
Келин болосуңбу биздин айылга?
Алып кетем сени, кетебиз жайында.
Ойлонбо, жаным, баарысы болот,
Кудайым берген ырыскы болот.
Айдай аппак жүзүңдөн сүйдүрүп койчу,
Өмүрлүк жарым түбөлүк болчу.
Ойлонбо, жаным, баарысы болот,
Кудайым берген ырыскы болот.
Айдай аппак жүзүңдөн сүйдүрүп койчу.
Өмүрлүк жарым түбөлүк болчу.
Айзирегим сен, ай перим белең?
Өз ата-энем күткөн жаш келин белең?
Келин болосуңбу биздин айылга?
Алып кетем сени, кетебиз жайында.
Куттуктайм сени Жаңы жыл менен,
Жүрөктө болгон жаңы ырым менен.
Куттуктайм сени Жаңы жыл менен,
Көңүлдө болгон көктөм ыр менен.
Чын эле мен көздөрүңдү сүйүп калдымбы?
Жүрөгүмдөн ырлар жаздымбы?
Балким, сен да мени дайым сүйүп жүрөрсүң,
Уялып сен күтүп жүрөсүң.
Кайырма:
Кел, кел, алтыным, жаныма,
Кел, кел, жүрөгүм кыйнаба.
Кыйнабачы, сен мени кыйнаба,
Алдабачы, сен мени алдаба.
Күн да келер экөөбүз жолугар,
Түн да келер экөөбүз отурар.
Сени менен бул жашоодо бирге болсом деймин,
Ак сүйүүмдү бирге өткөрсөм деймин.
Суктанамын сенин сулуу, сулуу келбетиңе.
Кызганамын сени жигиттерден.
Кайырма:
Бузбасаң адам ниетти,
Бузулбайт дүйнө ирети.
Туулган күндөй таза жүр,
Тууруңа бакыт түнөсүн.
Кайырма:
Камданып келчи күндөргө канат кагып турбастан,
Жок дей берсең, бакыт да жок, барга шүгүр кылбастан.
Адамдан бакыт сураган ар улутту суранам,
Ал ак шоола, ал бүтпөс кут чачып турган бул аалам.
Акмалап дайым тооруган,
Ач көздүк деген ооруга.
Алдырба, адам, зор бакыт,
Ар дайым консун колуңа.
Кайырма:
Алдырба, адам, зор бакыт,
Ар дайым консун колуңа.
|