|
|
Сөзү : Динара Акулованыкы
Обону : Динара Акулованыкы
Таалайымдан, ий,
Таалайымдан, оо,
Таалайымдан сурайын.
Өчпөй турса өмүр берген чырагым,
Элимден, өз журтумдан сурарым.
Эл-журтумдун ынтымагы бек болуп,
Болбосунчу бөөдө, кайгы-убайым.
Жалгап турса жаратканым Кудайым,
Жан бүткөнгө сурайт эле ырайым.
Адамдардын бүт күнөөсүн кечирип,
Ар пендеге ыйман бер деп сурайын.
Кайырма:
Таалайымдан, ий,
Таалайымдан, оо,
Таалайымдан сурайын.
Тагдыр мага байлык берсе ынайын,
Таалайымдан дал ошону сурайын.
Байлыгы көп, бактылуу эл ичинде,
Алпурушуп адал эмгек кылайын.
Өчпөй турса өмүр берген чырагым,
Элимден, өз журтумдан сурарым.
Эл-журтумдун ынтымагы бек болуп,
Болбосунчу бөөдө, кайгы, убайым.
Кайырма:
Сөзү : Т.Айылчиевдики
Обону : Т.Айылчиевдики
Сөзү : Айбек Эмилбек уулунуку
Обону : С.Искеналиевдики
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Махабат – зор мейкиндик,
Булуту жок, көпкөк асман.
Махабат – караңгы түн,
Кээде дайра, толкуп, ашкан.
Махабат - туйбаганга,
Аны сезе билбегенге.
Ал азап, ал адашуу,
Ажырашуу, ачуу арман.
Кайырма:
Сен, сен сезими жок,
Мерез болсоң сүйүүгө мээримиң жок.
Гүл, гүл, гүл болсоң да,
Сулуулугуң эч кимге кереги жок.
Мамилең мага болгон,
Чөлдөн кургак, кыштан муздак.
Кирдеди махбатым,
Гүлдөй куурап, кетти урап.
Көп жашап көнгөнүңдөн,
Кетүү кандай өкүнүчтүү?
Бир кезде жанган сезим,
Калды ыйлап, калды узак.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Билбей кабылдым ай,
Жомоктогу кызга.
Жандап басып өтсөм,
Калды жүрөк сыздай
Кайырма:
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Азгырып назик сүйлөйсүң.
Ашыккан сага жүрөгүм,
Айттырбай неге билбейсиң?
Сезбей карындаш ай,
Кыйнадыңго мени,
Кантип багындырам,
Жүрөгүңдү сенин?
Кайырма:
Сөзү : Э.Эрматовдуку
Обону : А.Карыбаевдики
Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Анар, алма жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй терең, туптунук.
Колдо барын төгүп чачып,
Аябагын достордон.
Кайырма:
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан мурас калып,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарын колдосун.
Дасторкондун даамын татып,
Жарык кылып көңүлдү.
Ынтымактын сөзүн сүйлөп,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан жаралгансың сен мага,
Маңдайыма бүткөн окшоп бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!
Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.
Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.
Биз экөөбүз эки күчпүз барабар...
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Гүлжигит Калыковдуку
Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Аруулук сунган махабат.
Ар күнү нурдан жол салат.
Сүйүүмдү жалгызсыратпай,
Сезимге болгун кош канат
Кыялым жубун тандаган,
Кызгалдак гүлүн арнагам.
Көрүшкөн күнү сен менен,
Колума булут кармагам.
Кайырма:
Көңүл дегдеп суктандырат көздөрүң,
Бул дүйнөдө сендей жанды көрбөдүм.
Өзүң менен бирге өткөрүп өмүрдү,
Айтчы сен мага таттуу сөздөрүң.
Менин сүйүүм, аруу, тунук таптаза,
Сени сүйөм өзгөлөрдөн башкача.
Түбөлүккө болом сенин жаныңда,
Асылым, эркем берем убада.
Жүзүңдөн жүрөк эзилет,
Жолубуз бирдей сезилет.
Жалгыздык менен коштошуп,
Жолуккум келет тезирээк.
Менин сүйүүм, аруу, тунук таптаза,
Сени сүйөм өзгөлөрдөн башкача.
Түбөлүккө болом сенин жаныңда,
Асылым, эркем берем убада.
Көңүл дегдеп, суктандырат көздөрүң,
Бул дүйнөдө сендей жанды көрбөдүм.
Өзүң менен бирге өткөрүп өмүрдү,
Айтчы сен мага таттуу сөздөрүң.
Менин сүйүүм, аруу, тунук таптаза,
Сени сүйөм өзгөлөрдөн башкача.
Түбөлүккө болом сенин жаныңда,
Асылым, эркем берем убада.
|