|
|
Сөзү : Сейит Жээнбаевдики
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Өткөн күндөрүм,
Өзгөчө өмүр жолум,
Өзүңсүз деле, карындаш.
Сен эми сыздаба,
Бере албайм убада,
Үмүттүн шамын тутантпа.
Кайырма:
Кечир, жолубуз башка,
Кыялым таба албас айла,
Жүрөктү сүйгөнүмө тартуулап бергем.
Кечир, жолубуз башка,
Кыялың таба албас айла,
Сыздаба, сен эми кайгырба.
Кечир, карындаш,
Бактылуу кыла албайм,
Башкадан тапкын бактыңды.
Сен эми сыздаба,
Жалынга күйбөгүн,
Түшүнчү сүйүү мыйзамын.
Кайырма:
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Жан тартып ардагым, жакындай албадым,
Күйүп сен жатканың сезчүмүн мен.
Өзүңө боор ооруп, бүттүм го торолуп,
Ак сүйүүм жоголуп, издедим мен.
Жолумдан адашып жүрүпмүн мен...
Кайырма:
Эзилип жүрөгүм, өзүңдү сүйбөдүм,
Сен мени сүйсөң да, жактырбай жүргөнмүн.
Кечиргин айдайым, эми адашпаймын,
Өзүңдөн башканы жактырбайм, жалжалым.
Жүрөгүм жылыбай, жаныңдан чыга албай,
Кыя албай эзилип жүргөнмүн мен.
Жандырып күйүтүм, адашып жүрүпмүн,
Бактымды түрткөнүм, кечиргин сен,
Жолумдан адашып жүрүпмүн мен...
Кайырма:
Сөзү : К.Качкынбаева, Омардыкы
Обону : Омардыкы
Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн,
Баалуулугу түшүп дүйнөнүн.
Азгырык да сенин айланаң,
А, сен кызысың таза дүйнөнүн.
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин китеп сүйгөнүң.
Мээримге толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.
Кайырма:
Кандай кыз сага теңелет,
Уялганың керемет,
Периштедей сезилет.
Тазалыгың жактырам,
Адебиңе суктанамын,
Ашыгам, тартылам.
Апакеңдин аппак сүтүндөй,
Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй.
Сен аларга көңүл бурбагын,
Бийиктигиң, баркың түшүрбөй
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин билим сүйгөнүң.
Ыйманга толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.
Балбылдап көздөрүң турат,
Багымды ачар сөз курап.
Бардыгы даяр сен үчүн,
Баш кошсок деп тилейм мен сурап.
Буралган чачтары узун,
А койчу, ай, булуттан түшкөн жансыңбы?
Комузумдун кулагын буурап,
Күү толгойм кайрыгын улап
Күүлөрүм даяр сен үчүн.
Күлкүңө кошор күч-кубат.
Айчүрөктөй сулуулугуң бар,
А койчу, ай, асмандан түшкөн жансыңбы?
Жымыңдап көздөрүн жумат,
Жаркылдап жанымда турат.
Жүрөгүм даяр сен үчүн,
Жүрөлү көңүлдө биз куунак.
Жомоктой сулуулугуң бар,
А койчу, ай, жылдыздан түшкөн жансыңбы?
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Эдил Маматовдуку
Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың,
Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың?
Канчалык сүйөрүмдү билесиңби,
Айла жок мен сага эми кош айтамын.
Кайырма:
Мен эми кайгырбайм,
Сени эстеп көзгө жаш албайм,
Жүрөгүм ыйласа да, сен деп,
Болду эми сагынбайм
Мени издеп кайрылба,
Кечиктиң эми садага,
Сен кеттиң, эми сен сагынба.
Бир кезде ээрчишкен махабатым элең,
Түбөлүк жанымда, болом дечү элең.
Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу,
Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.
Ааламга таанытып көзүңдү,
Апа деп кубантып өзүңдү.
Ар убак арнадың мен үчүн,
Алтынга алмашкыс кезиңди.
Сагынсам, алдыңа бара жай,
Сапардан кайтуучу адамдай.
Санаада жүрөмүн апаке,
Сага арнар бакытты таба албай.
Кайырма:
Ай десең, айды алып берейин,
Айтчы апа эмнеге теңейин?
Урматтап жүрөктөн арнаган,
Ушул ыр өзүңө белегим.
Күнүмсүң нур чачкан асманда,
Гүлүмсүң кумарым артканда.
Кымбатым, тамырым өзүңдө,
Кыйналам сен түйшүк тартканда.
Өкүнбөс өмүрлөр аз экен,
Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.
Өткөрүп бактылуу күндөрдү,
Өмүрлүү боло көр апакем.
Кайырма:
Сөзү : Эркин Мукашевдики
Обону : Эркин Мукашевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Нурмат Садыровдуку
Бакыт сунуп өмүр бир келген,
Учкан куштай сызып, күндөрүң ирмем.
Аруу таңдай маанай арнагын,
Шаңга бөлөп баарын күлгөнүң менен.
Билип жаман жолго баспагын.
Ак дилиңди таза бойдон сактагын
Адам бойдон калып өзгөрбөй,
Адал иштеп, асыл ойдон качпагын.
Кайырма:
Кечиргин, кечир өткөндү,
Кечиргин, душман, көпкөндү,
Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин.
Кечиргин, буттан чалганды,
Кечиргин, күйүт салганды,
Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым.
Убактылуу, билсең тактың да,
Байлыкка, бийликке дилиң азгырба,
Кичипейил болуп жүргүнүң,
Бирдей баары, жараткандын астында.
Жакындарга дайым жолуккун,
Жакырларга жардам берип колуң сун,
Таарынычтын баарын унутсак,
Мына ошондо келет бизге сонун күн.
Кайырма:
Бакытым менин, жыргалы өмүрдүн,
Балына батып гүлдөрү көңүлдүн.
Баркына жете албай тез эле алыстап,
Балбылдап жанган чырагым өчүрдүң.
Кайырма:
Тебелеп сезимимди,
Теңсинбей кетериңди билбептирмин.
Булактай сезимимди кирдеттиңби?
Арнаган сезимимди,
Ашыгым, анда дагы билбедиңби?
Убакыт жылбай, унутпайм көзүңдү,
Убара кылбай, аячы сезимди.
Алмашкыс байлыгым жашоодо сен элең,
Уурдатып алдым уңгусун сөзүңдүн.
Кайырма:
Мен эми башка өкүнүп ыйлабайм,
Төгүлгөн жашка жүрөктү кыйнабайм.
Тебелеп сезимимди,
Теңсинбей кетериңди билбептирмин.
Булактай сезимимди кирдеттиңби?
Арнаган сезимимди,
Ашыгым, анда дагы билбедиңби?
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Уурдатып жатам кимге жаштыгымды?
Улгайдым сени көрбөй көпкө көзүм.
Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Окшото берчү болдум өзүмдү-өзүм.
Кайырма:
Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө,
“Бакыт” деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.
Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болууга бирок мүмкүн эмес.
Кайырма:
Түгөнгүм келет менин күйүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айла күтүп-күтүп.
Кагазды өрттөсөң да күлү калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат.
Кайырма:
Бүгүн майрам, бүгүн той деп, ушул жаздын күнүндө,
Гүлдестелер колго кармап, келдик сенин үйүңө.
Бир сен үчүн достор келди, жадырашып, жайнашып,
"Кут болсун!" деп куттук айтып, туулган сенин күнүңдө.
Кайырма:
Кут болсун сенин,
Туулган күнүң.
Куттуктап сени,
Келдик биз бүгүн.
Менин дагы каалаганым, узун болсун өмүрүң!
Кайгы-муңга эч убакта чөмүлбөсүн көңүлүң!
Кайраттуу бол, күчтүү болгун, ден соолугуң чың болсун!
Алган жарың, балдарың да сени менен бир болсун!
Кайырма:
Обону : А.Бөдөшовдуку
Көксөгөн кышта жүрөгүм,
Көктөмдү гана саамайт билемин.
Жайнаган кызыл гүл көрсөм,
Жаштыктын сеземин илебин.
Жан дүйнөм кошо жашарып,
Жазда бар гана кирсиз тазалык.
Жыпар жыт майдын деминен,
Жыргабайт кимдери наз алып.
Сулуулук жаздан жаралып,
Сулуулук барда койгон таралып.
Алдыман кетпей тартылат,
Алыстап калган балалык.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
|