|
|
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : И.Абдыразаковдуку
Турмушка, бир келгендей коноктой,
Өз ордуңду жоготпой,
Жаша кызык жомоктой.
Өмүрдү, ар бир берген белеги,
Ашыкча экен дебегин,
Асыл баага теңегин.
Кайырма:
Өмүрдө кайрылбас,
Өтөр бир жалын жаш.
Бакыт тилеп турганда,
Багыттан жаңылбас.
Адашпай адамдык,
Сапатта калалык,
Аруу сезим менен,
Ак бойдон таза калсынчы жүрөк.
Кезиндей балалык...
Өзүңдүн ар бир таңың, эртеңин,
Ак өтөгөн эмгегин,
Артык дебе сепкенин...
Кайырма:
Сөзү : Тазагүл Закированыкы
Обону : М.Бостонкуловдуку
Тагдыр туңгуюк, жок күмөн,
Сураганың берет албетте сен ишен.
Сөздөрүмдө жок, бир да жалган,
Жүзүм маскарапоз, бирок өзүм инсан.
Арманымды жашырат күлкү ар дайым,
Жасалма жүз менен жашаймын күн сайын.
Мен тагдыры тайкы бирок келбети кооз.
Маскарапоз.
Жасалма жүз жашырат кайгысын,
Маскарапоз.
Таппай келет бакыттын ачкычын.
Колуңдан келсе бактылуу бол,
Өмүр деген катаал билсең ал кооптуу жол.
Бул турмуш сахна эмес жашоо,
Жеңилесиң ойнобосоң сен анда роль.
Жашоо таттаал кээде сен каткан нан жейсиң,
Күлгөнүмдү көрүп мага оңой дейсиң.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз,
Жасалма жүз жашырат кайгысын.
Маскарапоз,
Таппай келет бакыттын ачкычын.
Мен сүйлөйм жалган аргасыздан,
Не кылайын ушул жолду тандасам.
Же аны күлдүр, же муну,
Айла жок кимге жаксам, кимге жакпасам...
Өзүм каалап эч кимди капа кылбадым,
Арсыз душман кыйналса да эч күлбөдүм.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз.
Жашоо таттаал кээде сен каткан нан жейсиң,
Күлгөнүмдү көрүп мага оңой дейсиң.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз,
Жасалма жүз жашырат кайгысын.
Маскарапоз,
Таппай келет бакыттын ачкычын.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Сага барам мен шашыла, гүлзарымда бол,
Мээримиң бакыт арнай.
Жалгыздыкка сен жашынба, кучагымда бол,
Сен дайыма.
Кусалыкка кабылганда, сен жанымда бол
Түнгө жуп айдай болуп.
Кубанамын сени көрсөм, бактылуумун дейм
Жүрөк козголуп.
Кайырма:
Кол кармашып түбөлүк,
Бирге өмүр сүрөлүк.
Эми сагынба, эми таарынба,
Болом жаныңда
Менин сүйүүм сага арналган бир,
Толкуп жаткан дарыя, ал дрыя.
Жараткандан суранамын, бирге бололук
Күчөтүп сезимдерди.
Кыялданып күтүп жүргөн, жалгызым сен
Бактым сенсиңби?
Кайырма:
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Жашоодо жашабайт ал,
Жомоктон жасаганмын.
Кийгизип ырдан таажы,
«Падышам» атаганмын.
Жашачу менде гана,
Мекени жүрөк болчу.
Сүрөтүн тартсам эгер,
Бүт аял сүйөт болчу.
Кайырма:
Ал мени алдабачу,
Күттүрүп ыйлатчу эмес.
Көзүнөн окучу элем,
Көөнүнө сыр катчу эмес.
Таптаза сезимдери,
От болчу эриндери.
Алоолоп күйүп турчу,
Билеги белимдеги.
О, укмуш, ушунчалык,
Мас болдум сөздөрүнө.
Жанына бардым дагы,
Карадым көздөрүнө.
Ыпысык алаканы,
Жүзүмдөн сылап өттү.
Мончок жаш карегимден,
«Тып» этип кулап өттү...
Мага жагат, сенин назик татынакай колдоруң,
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алып козгодуң,
Карагат көзүң айдай нурчалган,
Эркимди жипсиз сага байлагам,
Кандай бир жансың мени арбап алган?
Кайырма:
Чийилген чийме каштарың,
Өрүлгөн чачтарың
Эх, жаным, мени кыйнайт,
Керемет басканың.
Ашык, ашык, мен да ашык,
Жигиттердин баары ашык.
Баскым келет сени менен
Бир көчөдө жанашып.
Жайдары сенин сүйкүм мүнөзүң,
Жашоомдо жалгыз гана бир өзүң,
Сүйүүмдүн агып бүтпөс мүрөгүсүң.
Кайырма:
Сөзү : Темиркул Үмөталиевдики
Обону : Маматмуса Бакировдуку
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Рамис Алиевдики
Сезимдердин мейкин талаасында,
Сан жетпеген жылдыз арасында.
Канат күүлөп учам, кучагыма кысам кыялымда.
Эрке желдей сызам, эргип бийик булуттарга.
Кайырма:
Көздөрүмө кумар,
Көңүлүмө тумар, издеп келемин,
Билбей себебин.
Ыйык сезимдин гүлүн теремин,
Сени келер деп, күтө беремин,
Айтчы себебин.
Сени ойлоп турам жалгыз кечте,
"Сүйөм" деген сөзүң дайым эсте.
Тагдыр бизди кошсо,
Бакыт кол созом келечекке,
Баалай турган кезим,
Бал татыган таттуу сезимимди берсе.
Сөзү : Айпери Сыдыкованыкы
Обону : Кубатбек Тургумбаевдики
Күн балдары чемичкелер тептегерек, сапсары,
Аппак таңда ой түзүшүп, күндү күтө баштады.
Эң алгачкы нурун күн да, ошолорго арнады,
Ар бир бала бул дүйнөдө апасынын ардагы,
Ар бир бала бул дүйнөдө атасынын ардагы.
Ошол нур да күн нурунун жаркын турду маанайы,
Ар бир бала бул дүйнөдө апасынын ардагы,
Эң алгачкы нурун күн да, ошолорго арнады,
Ар бир бала бул дүйнөдө апасынын ардагы,
Ар бир бала бул дүйнөдө атасынын ардагы.
Күнү бою күн балдары нурга боюн торошту,
Алар менен батар күндү жалооруша карашты.
Караңгыга ийилишип,
Артка кулак түрүшүп,
Алар баары
Тажылары бүрүшүп.
Ар бир бала бул дүйнөдө апасынын ардагы,
Ар бир бала бул дүйнөдө атасынын ардагы.
Алып учкан ойноок кезде кайда элең?
Ашык болуп турам сага кайра мен.
Азаптанттың селки жүрөктү эзип,
Айтчы эркем бойдок кезде кайда элең.
Жаңы ачылган гүлдү соолутасызбы?
Жаш жүрөктү агай оорутасызбы?
Бактыңыз болуп мен бирге жүрөйүн,
Башкалардан коргоп, болушасызбы?
Кайырма:
Менин жылым токсон беш,
Менин жашым отуз беш.
Болбойт дешет, болбойт эч,
Махабатты келген кечигип,
Кыйнабачы эми кезигип.
Жаштыгыңды мага арнап салууга,
Сүйүү үчүн болуп даяр баарына.
Сүйдүң дагы мени, сүйдүрүп алдың,
Жашыбызда турат бир топ айырма.
Кичүү болсом эле, кичине дебе,
Жантай ата сүйгөн Ак Мөөрдү деле.
Бегимайды сүйгөн Раймалы ата,
Махабат деп отко күйбөдү беле.
Кайырма:
Үй-бүлөмдү ая, бузуп албайын,
Сага дагы жакшы тилек арнайын.
Мага окшогон сен да үй-бүлө күтүп,
Өзү теңиңди тапсаң экен ардагым.
Мүнөзүңүз мага абдан жагат ай,
Үмүтүм да сизден өчуп барат ай,
Тилегиңиз жетип менин түгөйүм,
Өзүңүздөй болсо экен агатай.
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Тоолордо ак мөңгүсү жаркыраган,
Таш-ташка суусу тийип шаркыраган.
Абасы атыр чачып, гүл жыттанып,
Ажайып жанга кубат тартуулаган.
Кайырма:
Айылым ай, жарыгым ай,
Ар дайым сенде менин дайыным ай.
Айылым ай, байырым ай,
Алыстан эстеп сени, сагындым ай.
Чаң жутуп, көпөлөк кууп кырдан кырга,
Суу болгон оюн ойноп ак жамгырда.
Балалык ойго түшсө кусаланып,
Апамдын нанын эңсейм, ак тандырда.
Кайырма:
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Убада берип, түбөлүккө ошол сүйүүң,
Унутуп кетээр жалган сендик сезимди.
Өзгөрүп барат, мага болгон махабатың,
Өзгөгө мени, жүрөгүңдү бердиңби?
Кайырма:
Кое берип мени, унутууга сени
Жардам берчи...
Болсо эгер чеги, бул азаптын деги,
Айла берчи...
Убакыт кезип кусалыктын кучагына,
Унутар сени, күндөрүм келээр жаным.
Сагыныч бүтүп, көңүл эркиндик сезгенде,
Бир өтүнүчүм, козгобо кайра баарын.
|