|
|
Сөзү : Насыйкат Салиеваныкы
Обону : Мирлан Абдраевдики
Күзгүгө каранып, күн нурундай жанабыз,
Көргөн көздү суктантып, жагымдуу жылмаябыз.
Сулуулукка кам көрүп, спа салондорго барабыз,
Силер бар кандай жакшы, курбулар кымбатсыңар.
Кайырма:
Келгиле курбулар, кезигип көңүл ачабыз,
Бийлейбиз, ырдайбыз, биз бирге чер жазабыз.
Жигиттерди сүйлөшүп, сүйүүбүздү айтабыз.
Бактыбызды биз издеп, кыялдарга батабыз.
Жарашып оюбуз, түнкү Бишкек жаркырап,
Бийлесин деп курбу достор, дискотека азгырат.
Жигиттер көз ымдашып "танцполго" бизди чакырат,
Жаштык кез кандай сонун, курбулар силер менен, ай.
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : KG Эльмураттыкы
Аппак тилек, жүрөктөгү каалоолору,
Келечекте ачык болсун жолдору.
Чексиз бакыт, үмүт кылган жашоодон,
Ашыктарды бата берип тосолу.
Кайырма:
Айлананы бөлөп нурга эки жаш келет,
Жүрөктөрдө жашап жаткан сезимди термеп.
Ак куулардай махабаттын ыйыгын сактап,
Жакын адамдын жанында болуу - бул бир керемет.
Аруу сезим, жаз гүлүндөй жагымдуу сен,
Махабатка мас күндөрдү ченебей бер.
Эки жаштын бактысына буюрган,
Бүгүнкү күн тарых болуп кала бер.
Кайырма:
Айлананы бөлөп нурга эки жаш келет,
Жүрөктөрдө жашап жаткан сезимди термеп.
Ак куулардай махабаттын ыйыгын сактап,
Жакын адамдын жанында болуу - бул бир керемет.
Сөзү : И.Абдалиевдики
Обону : И.Абдалиевдики
Калдың мага көрүнүп,
Маңдайыңа чачың төгүлүп,
Топ гүлдөрдөн турдуң бөлүнүп.
Көңүл түштү өзүңө,
Кадалдым мен кара көзүңө,
Сен жашайсың эми жүрөктө.
Кайырма:
Гүлдөй назик кулпунган,
Махабатка мас кылган,
Таппастырмын сендей башкадан.
Суктандырат келбетиң,
Сулуу жүздүү берметим,
Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим.
Сүйүү балы сен белең,
Бакытымсың жүрөк эңсеген,
Ай ааламдан күткөн арзуум сен.
Күнүм белең жалжалым,
Гүлүм сени жаным тандадым,
Жан дүйнөмдүн баарын арнайм мен.
Кайырма:
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сен күч менен, сезимиң кайрап мен деген.
Мен үчүн, азап кечип чектелбеген,
Күрөшүп жолтоолор менен...
Кайырма:
Күтүлбөгөн убактардан чарчадым,
Сыноолордун чектик канча азабын.
Кайгырба жаным, унутчу баарын,
Бул күндөр уланбайт ар дайым...
Биз, ар убак, сезимде бүтпөс жол курап
Алдыда, жашоонун түбүн бир улап
Кечели баарын кол булгап...
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Мирлан Абдраевдики
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаев, Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону : Нурлан Насиптики
Бүтпөйт го эч качан иш деген,
Жүргүлө көлүмө биз менен.
Эс алуу жээгинде эң сонун,
Эңсөөнү табасың издеген.
Толкуну Ысык-Көлүмдүн,
Толкутуп турат өмүрдү,
Ыр-бийге толуп шаңданып,
Ар бир күн өтөт көңүлдүү.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Кучагын жайып чакырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жээгине баарын батырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жүрөккө сүйүү толтур да,
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жаныма кубат толкундар.
Ач чардак көл үстүн айланып,
Ажары күү болуп чертилер.
Ак кеме үн салып айдалып,
Азгырат чиркин, сымбаттуу селкилер.
Кыз-жигиттер жээктеги.
Кыналып бүтпөйт кептери,
Ырахат менен куурчалган,
Ысык-Көлүмдүн кечтери.
Кайырма:
Аба ырайы күн ысык кезде,
Керектүү буюмдарды тезден,
Чогултам мен, чогултат досторум.
Баарыбыз көл жээгинде бирге таңды тоскону,
Нурлар менен кубат алып, позитивди кошкону.
Баратам Ысык-Көл, керемети Салкын-Төр,
Калды саналуу мүнөттөр,
Сүйүнүч бардай жүрөктө,
Өтүп нечен чакырым, жай, ылдам, акырын.
Кирип келдик Ысык-Көлгө,
Жанымда бар жакыным.
Ысык-Көл керемети, кыргызымдын бермети.
Байлыгым Ысык-Көл,
Балуу, сыймыгым Ысык-Көл.
Келер дарегим Ысык-Көл,
Көрөр карегим Ысык-Көл.
Сөзү : Абир Касенов, Акбар Сүйүнбаевдики
Обону : Раллияныкы
Только с тобой не замечаю,
Несколько слов - все что мне надо.
Ты все найдешь, я потеряю,
Секунды знакомого взгляда.
Только нить между нами,
Страсти словно цунами.
Где мы? Время покажет,
Время покажет.
Ты знаешь,
Все это время,
Я буду лишь вспоминать,
Слова, наши моменты.
Ты понимаешь,
Я перестану мечтать,
Зачем мне комплименты?
Сен жана мен, экөөбүз жүргөн,
Күндөрдү эстеп сагынамын.
Сезимдерди сен байкабадың,
Түшүнбөй неге таарынасың?
Сен арнап убактың кимге,
Жүрөсүң жүрөк кыйнай?
Сага бир күнү келемин.
Сен жарыгымсың,
Жашайлы өмүр улай,
Сүзүп сүйүү кемесин.
Сөзү : Ж. Садыковдуку
Обону : Ж. Мамажановдуку
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөмүн сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сөзү : Жолдошбек Мамажановдуку
Обону : Жолдошбек Мамажановдуку
Айрымдарга жагар, мүмкүн, жакпаса,
А мен үчүн ыйык нерсе ак бата.
Кылымдарды келе жаткан карытып,
Неге болбойт жакшы салтты сактаса?
Карап турсаң ак сакалдуу адамды,
Суу куйганда алкап сенин балаңды.
"Өмүрлүү бол, таалайлуу бол, садага,
Эл уулу бол!" деген сөзү жаманбы?
Же ымыркай көз жарганда жаңыдан,
Ата-энеси бата тилейт баарынан.
Неси жаман, келген элдер деп турса:
"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган".
Бакыт тилеп, таалай тилеп, бак тилеп,
"Эл уулу бол!" деген кандай жакшы кеп!
Бул тилектер - адалдыкка чакыруу,
Тилеп жаткан адамдарга ак тилек.
Бул тилектер - дилдердеги тазалык,
Ошондуктан карылардан бата алып.
Кандай сонун болор эле деп ойлоймун,
Кала билсек элдин уулу, кыргыз уулу аталып!
Сөзү : Т. Кожомбердиевдики
Обону : Ж.Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчөлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
Сөзү : А.Чойбекованыкы
Обону : Шамшыбек Өтөбаевдики
Урматына Манастын дүйнөдөн эл келишти,
Кылым айтып түгөткүс кызык тойду көрүштү.
Түнкү уядан Ала-Тоо - ат чабыштын марасы,
Күлүктөрдүн күлүгү сыналышат карачы.
Кайырма:
Ат келет, аттар келет,
Желдей учуп бат келет.
Дүңгүрөтүп Жер шарын Аккуладай арышы,
Бабалардын салты экен, аргымактар жарышы.
Куштай учуп-сызышат, тоо-талааны калтырып,
Кетери чын, ким чыкса, сыйлыктарды артынып.
"Ат - адамдын канаты" деген сөз бар элимде,
Ат туягы баспаган жер жок чыгар жеримде.
Куйрук-жалы төгүлөт, көз кандырат сымбаты,
Жакшылыкта той берген кыргыз элим кымбатым.
Кайырма:
|