|
|
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Өмүрдөгү издеп тапканым,
Өзүң менен ачык асманым.
Ак жоолук салып, жубай болуп,
Астанамды аттадың.
Кайырма:
Оорусам дарым, жашоомдо баарым,
Таттырган бакыт даамын,
Менин түбөлүктүү жарым.
Апамдын күткөн келини сенсиң,
Айдын нуруна теңсиң,
Бир сени менен кут келсин.
Көпчүлүктү сыйлап жүгүнгөн,
Көшөгөнү көрккө бөлөгөн.
Үйдүн ичине жарык чачкан,
Татынакай затыңдан.
Кайырма:
Санаадан арыламын, садагам көрсөм сени,
Жүзүңө тойбой келет, жүрөгүм көптөн бери.
Ачылып жаз гүлүндөй, айтпачы өткөндү эми,
Бийикке калкып турам, бир жолу өпсөм сени.
Кайырма:
Сен, сезимдин барган, сересин кыйнабагын,
Мен көтөрө албайм, жүрөктүн ыйлаганын,
Бир себебин мага айтпастан таарынсаң да,
Билемин мени кызганарың, жаным.
Кагылып турсаң дагы, кантейин сүйүү экен,
Карайлап көздөрүңө, кадалдым гүлүм бекем
Кабарсыз кеткениңде кайгыдан түнүм нечен,
Ишенип тыңда жаным, өзүңдү сүйөм десем.
Кайырма:
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Р.Бейшеналиеваныкы
Жамгырда чуркап жүргөнмүн,
Жадабай ойноп-күлгөнмүн,
Карлыгач болуп учканбы, балалыгым.
Баягы тунук жок сезим,
Каякта калды шок кезим,
Кайрып бир алар күч барбы, балалыгым.
Кайырма:
Канча самаганга карабай,
Кайра боло албайбыз баладай.
Эми балам чуркап жамгырда,
Мендей ойноп-күлөт жадабай.
Ажайып күндүн биринде,
Акырын мага билинбей,
Качтыбы алтын балыктай, балалыгым.
Асманың ачык чайыттай,
Алыска кетпей, чалыкпай,
Жүрө бер жайнап бактылуу, балалыгым.
Кайырма:
Канча самаганга карабай,
Кайра боло албайбыз баладай.
Эми балам чуркап жамгырда,
Мендей ойноп-күлөт жадабай.
Байкоосуздан мен сени көрдүм,
Машинаны айдап бараттың.
Жараштырдым мен сага аны,
Уяң күлүп мага карадың.
Унута албайм ошол күнүмдү,
Ойготтуң го жүрөм сүйүүмдү.
Сагынычым сага артылып,
Жүрөмбү мен сага тартылып.
Кайырма:
Анын мерседеси бар, сулуу кыз,
Көздөрү кумар, сулуу кыз.
Нур чачып турат, сулуу кыз,
Элеси калды менде,
Ажырагыс элеси калды менде.
Жашынбачы сенден суранам,
Көрбөй калсам болом бушайман.
Айтчы эми качан жолугам,
Улам карайм жолду кайрадан.
Унута албай ошол күнүмдү,
Ойготтуң го жүрөм сүйүүмдү.
Сагынычым сага артылып,
Жүрөмбү мен сага тартылып
Кайырма:
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Эзилдим канча,
Эч нерсе келбей колумдан,
Эстетип мени,
Кетпедиң такыр оюмдан.
Кайырма:
Көңүлүм чөгүп, жүрөгүм турат кайгырып,
Какшыган чөлдөй, каламбы сенден айрылып.
Кубантып мени келсеңчи кайра кайрылып,
Күтөмүн сени келсеңчи жаным кайрылып.
Канчалык мага,
Кыйындай болсо айрылуу,
Жанчылып жүрөм,
Кыйындай сага кайрылуу.
Сөзү : Айардыкы
Обону : Айардыкы
Бул жашоодо жетпесем да, алтыным,
Күтөм сени түбөлүктүү жашоомдо.
Сен деп соккон жүрөгүмдү эзилтип,
Көз алдыма өткөн күндөр тартылып.
Кайырма:
Тамчым менин, мөлтүрөгөн таптаза,
Келип мага кучагыма тамчыла.
Күтүп сени кезигермин бир күнү,
Күркүрөгөн булуттардай бир сага.
Тамчы сымал биздин жандар алсырап,
Жашообуздун агымында жол салат.
Билесиңби агып барып тамчылап,
Өз жолунда түгөйүнө кошулат.
Кайырма:
Үзүлбөгөн үмүт менен эми жашаймын.
Бирок турмуш ачпайт артка барагын.
Жүрөгүмдү оорутуп, жан дүйнөмдү соолутуп,
Жаным эми кезикпейм сага.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Кыялымда жашаган,
Ар бир жигити самаган,
Кыргыз кызы, кыргыз кызы.
Көргөн көздү тамшантып,
Махабатымдын таңы атып,
Мен үмүттөнөм, үмүттөнөм.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм.
Шөкүлөсү көрк берген,
Ашык болуп көп мерген,
Ачылат тоонун гүлү болуп.
Жашында, жашында,
Каректеринен нуру жанып,
Ширин сөздөрүнөн балы тамып,
Күлмүңдөгөн, көздөрүнөн.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм.
Сезим оту жалындады,
Канат байлайт кыял дагы,
Сен жашынба, сен жашынба.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Р.Алиевдики
Себелеп жамгыр сезимге,
Махабат гүлүн сепкендей.
Сезилет мага бир сүртүм,
Жомокто жашап кеткендей.
Бакытымды таптым мен өзүңдү эңсеп,
Кучагымды ачтым кубанычым эми сенсиң деп.
Кайырма:
Арзуу махабатым,
Арнайм сага жаным.
Сен деп сүйүп жашайм,
Сенсиз атпайт таңым.
Сенсиң махабатым,
Эңсеп сагынарым.
Сезим оттой жанат,
Сенде таткан балым.
Татымың кымыз гүлүндөй,
Тамшанып эңсеп сагынам.
Таалайым сага туш болуп,
Тагдырга эми багынам.
Бакытымды таптым мен өзүңдү эңсеп,
Кучагымды ачтым кубанычым эми сенсиң деп.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Ж.Момуновдуку
Биз табышкан ошол көз ирмем,
Балдай таттуу мага сезилген.
Бир адатың аны баалабай,
Барктай албай ката кетиргем.
Байкап аны эми эзилем,
Бара албай жүрөм сага мен.
Кайырма:
Кайрылчы, мени зарлантпай,
Кечирчи, келчи саргартпай.
Күдөрүм үзбөй,
Күндө жол карай,
Кутөм жалгыз, сени самай.
Карлыгачым болду таарынба,
Капаланба жаным садага.
Кадырыңа жетем кечирчи,
Кайгырбачы кол сунчу мага.
Кол кармашып экөөбүз гана,
Кетели сүйүү аралына.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Экөөбүз эңсеп күткөн,
Кезигүүбүз оңунан чыкпады.
Билбедим эмне себеп,
Же мага айтпаган сырың барбы?
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?
Кайырма:
Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады,
Убакыт өтүп жатты, жаңырган күн батты.
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады,
Саанаркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды,
Сунулбай гүлүм калды.
Күтүүдөн көңүл түшүп,
Карай берип улам ар бир жакты.
Келгениме өкүнтүп,
Түрлүү ойлор улам сабалады.
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Эмне күнөө табышкан тагдырга?
Эки дүйнө бир асман алдында.
Оюн эмес, сүйүүгө кабылган,
Ортобузга түшпөсүн чагылган.
Кайырма:
Эки жүрөк, көздөгөнү бир тилек,
Кубанычка батпай.
Эки жүрөк айрылбастан бир жүрөт,
Кыйындыктан качпай, сүйүүдө...
Эки жүрөк, эки жүрөк...
Улуту жок чыныгы сүйүүнүн,
Даңазалап адамдын бийигин.
Жалгыз асман, бөлбөйлү экиге,
Бүтүн дүйнө, салайын эсине.
Кайырма:
Эки жүрөк, көздөгөнү бир тилек,
Кубанычка батпай.
Эки жүрөк айрылбастан бир жүрөт,
Кыйындыктан качпай, жашоодо...
Эки жүрөк, эки жүрөк...
|