|
|
Сөзү : Самат Уланбековдуку
Обону : Самат Уланбековдуку
Таңда, кеч эңсеп өзүңдү,
Тамчы жаш чайкап көзүмдү.
Сагынамын, сагынамын.
Ойлонуп сенсиз тура албай,
Оюмду сенден бура албай.
Сагынамын, сагынамын.
Кайырма:
Кайдасың?
Кайдасың, азыр кайдасың?
Кай жерде, кандай жайдасың?
Санаага батып, зар болуп,
Сагындым, сени сагындым.
Кабарың айтчы барайын,
Карааның издеп табайын.
Кайгыга батып зар болуп,
Сагындым, сени сагындым,
Сагындым, сени сагындым.
Убакыт өтсө, күн өтсө,
Уйкусуз, сенсиз түн өтсө.
Сагынамын, сагынамын.
Ай жылып, батып баратса,
Агарып жаңы таң атса,
Сагынамын, сагынамын.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Куттукташып, кубанышып,
Сагынычтын черин жазып.
Гүл кучактап, күлүп-жайнап,
Амандашып кучак жайып.
Бийле, ырдап, бизди жандап, бүгүн майрамда,
Аттиң кылбай, бийле тынбай, армандарда калбай.
Кайырма:
Бүгүн жар-жар үлпөт той,
Бүгүн элиң күткөн той.
Бүгүн ырдап, күлүп кой,
Бүтпөсө экен ушул той.
Аксакалдар бата берет,
Жараткандан тынчтык сурап.
Ак жоолукчан чоң энелер,
Ак тилегин тилеп турат.
Эркелешсе неберелер жүрөк кубанат,
Оттой жанып улан-кыздар оюн-күлкү курат.
Кайырма:
Бүчүр байлап арзуулардын түрлөрү,
Кубат алат сезимимдин гүлдөрү.
Аткарылып мен самаган тилектер,
Уланса дейм махабаттын күндөрү.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.
Сенден угуп махабаттын дабышын,
Сен деп күйүп, таң булбулдай таңшыдым.
Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың,
Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Зымырап учкан мезгилдердей,
Жаштыгым өтүп барат,
Сезбейсиң аны, сезбейсиң сен,
Ойлоруң кайда учат...
Сагыныч болуп жүрөгүмө,
Алоолоп күйүп-жанат,
Көзүңдөн тамган мөлтүр жаштар,
Айтчы өзү, ким деп тамат?
Мен болсо сени ойлоп, мен,
Ар күнүм сагыныч, куса менен өткөрөм,
Дениздей ташты жарган,
Сүйүүгө жанчылып.
Билбеймин, билбеймин мен,
Сүйөмүн, сүйөмүн не себептен өзүңдү,
Кысылып кең ааламга,
Батпай мен сүйөмүн..
Алыстан учкан ак куулардан,
Саламым сага айтам.
Жымыңдап жанган жылдыздарга,
Кошулуп таң атырам.
Билейсиң аны, билбейиң сен.
Жыттуусу гүлдөрдүн,
Ашыкмын сага, ашыкмын мен,
Айтамын бүгүн сырым...
Кайырма:
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Алым Токтомушевдики
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Мен турган тушта - сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, бара алган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум, шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүл дүйнө ушундай жаралган досум,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Сөзү : Байэлдики
Обону : Байэлдики
Арбалып бассам жаныңда,
Теңсинбей мени күлөсүн.
Ак сүйүүм сага арнасам,
Карабай мени жүдөттүң.
Кайырма:
Көздөрүң кара,каштарың кара,
Басканың жаным башкача.
Жылмайып карап кылыктана,
Кетпечи жаным сен башкага.
Суктанам айдай жүзүңө,
Келчи нур чачып өзүңө.
Ашыктыгымды айтайын сага,
Колуң сунчу сен мага.
Кайырма:
Сөзү : Мирбек Атабековдуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Көңүлүмө бөлүнүп,
Мээримиңе чөмүлүп,
Бир өзүңө суктанам,
Жамгыр болуп төгүлүп.
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма:
Жүрөгүмдөн чыккан сырларым,
Кубандырып турабы?
Махабаттын сүйүү ырларын,
Сага гана арнайын.
Жаркыраган жылдызым,
Жалгыз сенсиң ырысым.
Жан жүрөктү эргиткен,
Жазгы сүйүүм сен белең?
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма
Сөзү : Б.Чотурованыкы
Обону : С.Искеналиевдики
Сагыныч сапарында,
Санаанын катарында.
Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда.
Түндө ай мен да жалгыз,
Түйшөлдүм жүрөм алсыз.
Бактыма ким болду экен,
Бал ширин сулуу ал кыз
Ашыгып, шашылам, кабарын таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Ай чырайыңды сүйүп келем,
Назданасың жаным.
Ай кучагында гүлүм берем,
Ой кыялымды самап жүрөм
Кызганамын жаным
Мен сагынычта жашап жүрөм.
Жомоктой эскирбеген,
Жел окшойт жеткирбеген.
Махабат сезимдери табышмак эч билбеген
Мен ошол билбегеним,
Бактымды издегеним,
Сапарга чыктым алыс,
Жаз менен бир келемин.
Ашыгып, шашылам, кабарың таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Сөзү : Ильяс Кудретовдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку, Улан Атанбаевдики
Алма гүл ачкан кезде,
Барамын мен сени издеп айылга.
Көргүм келип, ак жүзүңдү,
Сагынып мен барам жаздын айында.
Кайра-кайра элестетип сени даалай күн өттү,
Аке деген сөзүң менен,
Арбап алдың карындашым жүрөктү.
Кайырма:
Карагаттай көзүң,
Балдай ширин сөзүң,
Суктанамын жаным, ардагым.
Тааныштайсың кылым,
Айтчы мага сырың,
Жүрөгүмдү кантип арбадың?
Агын тоонун суусу, айылдын сулуусу,
Черттирдиң го жүрөк кылдарын,
Ала качпа көзүң, жүрөгүмдө өзүң,
Бул ырымды сага арнадым.
Неге-неге, айтчы неге?
Арбалдым мен айылдык кыз сендейге.
Ыйманыңды сүйдүм, жамалыңа күйдүм,
Болосуңбу деги жубай мендейге?
Айылыңа барып, сага сөйкө салып,
Келемин, ай, чырайлуу кыз канткенде?
Жеңелери коруп, бизге тоскоол болуп,
Койбосунчу колуң сурап келгенде.
Кайырма:
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн,
Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн.
Бирок дүйнө кезип издеп келсем да,
Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм.
Кайырма:
Кайра-кайра карап тойбогон,
Карагаттай көзүң ойногон.
Карегиңе сенин байланып,
Карлыгачым күндө ойлоном.
Күлүп койдүң көзгө илбедиң,
Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң.
Кылыктарың мени арбаса,
Кантип жаным сени сүйбөйүн.
Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң,
Гүлдөй назик жансың жаным берметим.
Башка жанга сени ыраа көрө албай,
Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : С.Искеналиевдики
Сагынып сага жазган каттарымды,
Билбедим же жактырбай жатканыңды.
Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп,
Саргайган жалбырактай катканыңбы?
Бир кезде мага жазган каттарыңды,
Көргөзбөй жан адамга катпадымбы.
Сезимден жүрөгүмө уя салып,
Үлбүрөп балапандай бакпадымбы.
Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы?
Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе.
Жарашып алсынчы деп,
Жаштык кез күтмөк беле?
Күн өттүбү, арадан ай өттүбү,
Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү?
Жоолуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм,
Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү?
Канча ирет карааныңа жагалдандым,
Апкаарып айтар сөздү таба албадым.
Сагынсам да саргайып, жаным, бирок,
Батынып мен жаныңа бара албадым.
Бара албадым, таба албадым, жагалдандым.
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Мирлан Баековдуку
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Жылдыз болуп күнүгө,
Жарык чачат үйүмө.
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Үйүм толо күлкүгө.
Кайырма:
Балам, балам, жан балам,
Ананайын садагам.
Элим аман болсун деп,
Атыңды койдум Эламан.
Аман, аман, Эламан,
Гүл белемсиң, садагам?
Жыттап, жыттап тойбоймун,
Ананайын жытыңдан.
Балдан ширин сөздөрүң,
Бүлбүл жанган көздөрүң.
Шириним, ай, шириним,
Узун болсун өмүрүң.
Ата-энеңдин бактына,
Эр жетилгин, садага.
Талыбастан канатың,
Пайдаң тийсин журтуңа.
Кайырма:
|