|
|
Я снова видел этот странный сон,
Он был прекрасен мы были вдвоем.
Когда вокруг зажглись все огни,
Я это видел - мы были одни.
Кайырма:
Снова в небе звезды, но они далеки,
Только ты одна моя девушка мечты.
Закрываю глаза, вспоминаю тебя,
Я хочу чтоб ты услышала эти слова.
Все лишь для тебя, дорогая моя.
Луна укажет этот верный путь,
Уйдет из сердца печаль и грусть.
И будут встречи и свидания,
С тобой одной я буду счастлив всегда.
Көңүлүм соолубайт,
Кыялдар түбөлүк,
Кызыл күн батканда.
Жылдызым түгөнбөй,
Түн кетип жанымдан,
Ак таңдар атканда
Жараткан жазганы,
Буйруган өзүмө.
Бактымды тапканда,
Жомокко айланып,
Бакыттын байрагы,
Желбирейт асманда
Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда,
Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба
Бакытым колуңда
Жарыгым жолуңда.
Айланып ар бир күнүм
Тирүүлүктүн жомогуна
Кармадым колума,
Бакыттын байрагы
Азаптар отунда, жомогунда.
Кайгылар баспаган,
Көңүлдү муздаткан
Карангы түндөрдү
Жаштыктын илеби
Толтурган бакытка
Жалындуу дүйнөмдү
Кубанам ар дайым,
Бакыттын байрагы
Арманым түгөндү,
Ар күнү тагдырлар
Өзүмө тартуулайт
Бактылуу күндөрдү
Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда,
Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба
Бакытым колуңда
Жарыгым жолуңда.
Айланып ар бир күнүм
Тирүүлүктүн жомогуна
Кармадым колума,
Бакыттын байрагы
Азаптар отунда, жомогунда.
Кайырма:
Ак жүзүңдөн сылап айдын нуру,
Ата-энесин сыйлап ар бир күнү.
Акылдуу кыргыздын сулуу,
Сулуу кыздары.
Алоолонуп тийип абдан ысык,
Ала-Тоодой бийик ар-намысы.
Бабалардын жолдо жолун, жолун,
Батага созуп колуң.
Таң нурундай татына,
Жылдыздай жарык.
Таазим кылып калкына,
Кыз издейт бакыт.
Ата сөзүн актап,
Ата Журтун барктап.
Эне-тилин сактап,
Ар-намыстуу келишет,
Кыргыз кыздары.
Ай-ий, ай-ий,
Айчүрөктөй аты бийик.
Жанган чырактай,
Аккан булактай,
Ай чырайлуу кыргыз кызы.
Кайырма:
Кучагына асмандын,
Жылдызын кысып.
Ак маралдай басканы,
Кыргыздын кызы.
Жанып жарык күндөй,
Жайнап назик гүлдөй.
Жанып жарык күндөй,
Жашоонун шам чырагы,
Кыргыз кыздары.
Ай-ий, ай-ий,
Айчүрөктөй аты бийик.
Жанган чырактай,
Аккан булактай,
Ай чырайлуу,
Кыргыз кызы.
Кайырма:
Ай-ий, Манас ата калтырган бул белеги,
Ой-ий, Мекен үчүн чептей туруп берели.
Ай-ий, элине тийген кереги,
Ой-ий, урпактар өссүн береги.
Ай-ий, жүрөгүң арнап бергин сен элиңе,
Ой-ий, гүлдөтүп булак болуп бер жериңе.
Ай-ий, күч кошуп элдин демине,
Ой-ий, алдыга умтул темине.
Ай-ий, кыргыздын элин даңктайлы!
Ой-ий, кылымга аны сактайлы!
Кайрадан каректериң көз алдыма тартылат,
Айтарым келет менин жаралгансың бактыма
Бүгүн сен тарапка жаңы кадам таштаймын,
Ушул күндү өзүң менен гана баштаймын
Кайырма:
Сен, сезимимдин үнү,
Сен, өмүрүмдүн күнү,
Сен, жүрөгүмдүн бөлүгү.
Сен, бул жашоомдун гүлү,
Сен, жарыгысың түнү
Сен, жүрөгүмдүн бөлүгү
Табият жылмайганын сен жүргөндөй түшүнөм,
Негедир кубанамын көрсөм сени түшүмдөн,
Бүгүн сен тарапка жаңы кадам таштаймын,
Ушул күндү өзүң менен кайра баштаймын
Кайырма:
Кулагымда кыздын үнү ыйлаган,
Жөн ыйлабай жанды кошо кыйнаган.
Жок сезимди салгысы бар жүрөккө,
Кандай жанмын ал сулууну туйбаган?
Жакшы эле жакындаса жаныма,
Алыстаймын тургансып мен камына.
Катуу айтсам калат мүмкүн көңүлү,
Кайра корком каламбы деп каарына.
Кайырма:
Аттиң, ай, мага гана тартыласың жанымдан калбай,
Аттиң, ай, бакытын издеген жандай.
Аттиң, ай, бул өмүрдө түгөйүңдү жүрөсүң таппай,
Аттиң, ай, сен жалгыз ак куудай...
Баалап турсам бир өзүмдү башкадан,
Ээрчип жүрсө кыйынмын деп наздана.
Элес келсе, сезим келбей турду го,
Балким, сулуу кыйналууга жаралган.
Аттиң, неге баркын билбейм ал кыздын?
Ошондуктан мен азыр да жалгызмын.
Башкара албайм, туура түшүн сезимди,
Ак сүйүүнүн астында мен алсызмын.
Кайырма:
Кайырма:
Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели,
Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели.
Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө,
Тагдырдын бул белеги - сүйүүгө кезек берели.
Жалгыздык күндөр өттү,
Жаралап канча жүдөттү?
Таалайыма ыраазымын,
Табыштырган биздин жүрөктү.
Ай өттү, жылдар өттү,
Издеп жүрүп сендей чүрөктү.
Жолуктуң күз мезгилде,
Бакытка салып жүрөктү.
Кайырма:
Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели,
Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели.
Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө,
Тагдырдын бул белеги - сүйүүгө кезек берели,
Махабатка сөз берели.
Күтүүдөн карек талды,
Ал күндөр алыста калды.
Көңүл кушум таап сизди,
Үмүт отум бир көрүп жанды.
Эркелеп маралдайым,
Жанымда болчу ар дайым.
Жете албай бул жашоодон,
Арманда өтүп калбайын.
Көрө албастар көргөндөй айтат,
Көңүл бөлбөй көп жүргүн байкап.
Көксөбөдүм сенден башканы,
Көздөрүңдөн алгансың арбап.
Кайырма:
Мен өзүңдөн алыс чыкканда,
Ишенбечи ушак уксаң да.
Жаным, жаным, жаным, кызганба,
Жашоом бирге, жаным садага.
Азгырышат, ар кандай айтат,
Алыс жүргүн андайдан байкап.
Алмаштырбайм сени башкага,
Аппак сүйүүм - өчпөс махабат.
Кайырма:
Мен өзүңдөн алыс чыкканда,
Ишенбечи ушак уксаң да.
Гүлүм, гүлүм, гүлүм, кызганба,
Гүл сунбаймын башка кыздарга.
Жүрөгүмдө калды тыз деме,
Наздуу болот, айтчы, кыз неге?
Мезгил өттү, жолдор узады,
Жоодур көзүм, болду издебе.
Кайырма:
Өмүр - деңиз, жаным, биз - кеме,
Кошулбады биздин из неге?
Жазда, кышта, коңур күздө да,
Издебе, издебе...
Издесең да мейли, кай чара?
Ал күндөрдү албайм кайтара.
Нурун төккөн айдай көрчү элем,
Канатымды кеттиң майтара.
Кайырма:
Жылдыз болуп атың жанса да,
Атак-даңкың айга барса да,
Издебегин, барбайм кайрылып,
Тамса да көздөн жаш.
Кайырма:
Сенин да бул жашоого керегиң бар,
Менин да бул жашоого керегим бар.
Көңүлүң куунак, өмүрүң узак, бар болчу, бир тууганым.
Жашоодо баары болот, чыдаш керек,
Кыйын күн, азаптарга сынбаш керек.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк бололу, бир тууганым.
Кайырма:
Алсыз болбо, алга карап мээнет кыл,
Ал күн келет, сен тилеген, карап тур.
Жалгыз калсаң сүйгөнүңө жетерсиң,
Ата-эненин алкышына татыгын.
Жараткан белек кылган ден соолукту,
Жаралабай сактагын ал байлыкты.
Достукту бекем, пейилди кенен кармасаң кор болбойсуң.
Элиңдин бактысын да эми ойлой жүр,
Ата-энеңдин эмгегин унутпай жүр.
Жаштыгың барда, эмгектен талба, ошондо кор болбойсуң.
Кайырма:
Көкөлөтөм ак куу болуп берсең,
Наристедей сени эркелетип.
Көлдөн көлгө конуп-учуп кетсең,
Калайын суктанып.
Сенин кара көзүң,
Айткан ширин сөзүң, элестеп ар дайым.
Жүрөм эстеп элесиң,
Кайра качан келесиң, караймын мен асманга.
Кайырма:
Сүйүү сезимге берилип,
Жүрөгүм жалгыз эригип,
Сүйүү ырын ырдап сага гана арнап.
Сүйүү сезимге берилип,
Элесиң түшүмө кирип.
Сагынган сайын,
Учкум келет ар дайым.
Көпөлөк болуп түшкө кирсең,
Кондурамын алакан жайып мен.
Гүлдөн гүлгө конуп, учуп кетсең,
Калайын суктанып.
Назик сенин мүнөзүң,
Сени гана сүйөмүн, элестеп ар дайым.
Жүрөм эстеп элесиң,
Кайра качан келесиң, караймын мен асманга.
Карындаш, жүрөгүмдү козгодуң,
Карегиң карегиме кадалганда.
Кайталап көргүм келет өзүңдү,
Сагынычтарга мен батканда.
Көздөрүң мөлтүрөгөн карагат,
Көргөн жан эңсеп сени тамшангандай.
Ирмелет кирпиктериң жаралап,
Сезимге жалын жаккандай.
Кайырма:
Сага махабаттын гүлдөрүн сунам,
Мага чын жүрөктөн жылмайып койсоң.
Жаным, балдай ширин сөздөрүң менен,
Сүйөм деп, сүйөм деп койсоң.
Карындаш, назданасың эркелеп,
Ансайын ашык болдум жамалыңа.
Жалындап кол кармашып түбөлүк,
Ойгонсок ар бир аткан таңда.
Серпилип маңдай чачың таралат,
Секетим, сен маралдай басканыңда.
Сүйөм деп койчу мени дарылап,
Сүйүүсүз алдан тайганда...
Кайырма:
Сөзү : К.Абдрахмановдуку
Обону : Ж.Малдыбаеваныкы
Асылзатым, сени мен издеп,
Көздү кадаймын көлдү тиктеп.
Сезим козгогон ойлорго багынып,
Жүрөмүн сагынып, үмүт үзбөй карайм талып...
Сырыңды айтпай жүрөсүңбү камыгып?
Кайырма:
Кыялдарды толкундар жетелейт алыска,
Сагынуу шаштырат, салчудай жарышка.
Көрүнүп сен калчудай, тиктеймин мен тунжурай,
Жалыны жүрөктү, кубатсың мүрөктүн,
Чыккан айы тилектин.
Сырдын түйүнүн бирге чечип,
Сүйүү шаарын жүрдүк биз кечип.
Экөөбүзгө бакыт-таалай берген,
Көл жээгин эстечи, жүрсөң кайда тапкын айла,
Ар дайым самайм, акмалаймын, караймын.
Кайырма:
Кайрадан, кайрадан түшүмдө жалгыз сенсиң,
Күн өтүп, түн өтүп, секетим, эркелейсиң.
Билесиң сен үчүн чексиз сүйүү жаратам,
Жашоонун маанисин мен жаңыртам.
Кайырма:
Кайра элесиң көз алдымда,
Назик сөздөр айтылып, жаныңда мен.
Сүйгөнүм Ысык-Көлдү карап,
Айланып учуп ак куудай,
Сезимдери тунук, толкундап мага карай.
Калтырып, таарынтып, жүрөктөрдү сыздатып,
Жаңылып, адашып, түшүнбөй артка тартып.
Санаада кыйналбай жүргөнгө ыраазымын,
Буйрудуң сен мага, жалгызым, ай.
Кайырма:
|