|
|
Өзүңдү сүйүп жүргөн, ай,
Бир эмес, көптү билем.
Көзүңдөн күйүп жүргөн, ай,
Жалындуу отту билем.
Жазылган маңдайыма сени,
Кемибес бак деп билем.
Тапканга бир өзүңдү,
Шүгүр деп жашап келем.
Кайырма:
Мен сени жылдыз эмес да,
Жаркыган ай деп билем.
Күз эмес, сары жандуу,
Көлкүгөн жай деп билем.
Сен мага учканды үйрөттүң,
Тордогу булбул элем.
Сүйүүнү тутканды үйрөттүң,
Күдүкчүл бир муң элем.
Мен сени бул өмүрдө,
Түгөнбөс ыр деп билем.
Төгүлгөн төбөмдөгү, ай,
Эң жылуу нур деп билем.
Өзүңдү өмүрүмдүн, ай,
Сакчысы, эр деп билем.
Айымды аяй билген, ай,
Эң айкөл шер деп билем.
Жымыңдап жүрөгүмдү жаралайсың,
Сүйүүмдү сунуш кылсам карабайсың.
Асманда калкып учкан ак куу болуп,
Жалындуу жаш жүрөккө уя салдың.
Кусалуу жан дүйнөмдү сабаладың,
Карачы жок дегенде дос катары.
Өзүңдөй мен да адамдын баласымын,
Күнөөлө колдон келсе табиятты.
Көрбөсөм бир өзүңдү тура албадым,
Көргөндө кызыл гүлүн суна албадым.
Ардагым, арманымсың жетпей келген,
Суранам жардам берчи, Жаратканым.
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Ө.Сапар уулунуку
Бакыраң көздөрүңдү эңсеп,
Байландым карегиңди издеп,
Жылмайсаң мага жылдыз болуп эркелеп.
Жаздагы булуттарды көктө,
Жашайсың кыялымда көпкө,
Жарк этип мага күн болуп көктө.
Кайырма:
Эх, жаным, теңебейм,
Мен сени башкага.
Эч кимди эңсебейм,
Сен, жаным, башкача.
Эч кимди сен дебейм,
Эркимди бууса да.
Эч кимге теңдебейм,
Ээ болуп турса да.
Жаз болуп жан дүйнөм тазарып,
Таң болуп таалайым агарып.
Жел менен аңкып жыпар жытың таралып,
Жашайсың бүтпөгөн дүйнөмдө.
Жар болуп түбөлүк сүйгөнгө,
Тилеген бактым сени менен өтсө.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Ойнотуп жүрөк кылдарын,
Өзүңө келди ырдагым.
Чыйырчык жакка бет алдым,
Карабай Оштун кыздарын.
Жол узак али, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Өзүң да келсең болбойбу,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.
Кайырма:
Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө,
Жайнап турат экен күлсө, жүрсө.
Алайдын тоосу гүлгө бай,
Келатам эңсеп күлчөтай.
Зымырап Мады, Баш-Булак,
Кыздары калды кол булгап.
Күйөө бала экен дештиби,
Ашуудан кымыз, бал сунат.
Керемет жериң келишим,
Датканын кызы, элисиң.
Күч күйөө болуп турсам да, эй,
Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин.
Кайырма:
Күлчөтай жасап камданып,
Тосорсуң ысык нанды алып.
Жылуу-Суудан өтүп баратам,
Жакындап улам, жанданып.
Жол узак экен, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Мен жакка дагы келерсиң сен,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.
Кайырма:
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Убадалар болсо керек эсиңде, Жолугабыз кечинде.
Жолугушуу кош булактын жээгинде,
Айылыбыздын четинде.
Эрте келип олтурамын жайланып, Сарсанаага байланып.
Баары тымтырс, мени менен кабатыр деп,
Асман гана айланып.
Кайырма:
Ай жаңырып, жылдыздар көп, түн жарым,
Чыгасыңбы чындап сүйсөң,
Гүлжаным менин?
Шүүдүрүмдү баягыдай таңдагы,
Сүртөсүңбү көздөрүмө,
Гүлжаным менин?
Зериктиби, жалгыз терек термелет,
Келсең болмок эртелеп.
Олтурмакпыз кыналышып, сырдашып,
Жылдыздарга эркелеп.
Күтүү деген обон созот кош булак,
Сенин ордуң бош турат.
Түндү жарып келатканың жаркылдап,
Атым сезип кошкурат.
Кайырма:
Ай жаңырып, жылдыздар көп, түн жарым,
Чыгасыңбы чындап сүйсөң, Гүлжаным менин?
Шүүдүрүмдү баягыдай таңдагы,
Сүртөсүңбү көздөрүмө, Гүлжаным менин?
Сен көксөгөн жазым элең,
Кол жеткис асыл элең,
Махабат арзуум сен болдуң.
Мен сезимдин жазын күткөм,
Шынаарлап ак сүйүүдөн,
Кошулган жок жүрөгүм өзүңө.
Кайырма:
Сен сүйөм деп алдап мени,
Азгырдың арбап мени,
Азапка таштадың неге сен?
Көрк сөздөрүң жалган беле?
Көңүлдө башка беле?
Көзүмдө жаш, айтчы неге, сен?
Кыш, көктөмүм кышка айланды,
Көңүлүм музга айланды,
Айрылыш тагдырга жазгандай.
Кош, кездешпе эми мага,
Жүрөктө калды жара,
Жалганбы өткөн күндөр, кана?
Кайырма:
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Алишер Тоотаевдики
Жашоо деген, чиркин, кандай керемет!
Амандыктан бизге башка не керек?
Ачык асман, тынчтык болуп турганы,
Билсең ошол Жараткандан чоң белек.
Кайырма:
Түркүн түрдүү укмуштары курчаган,
Биз жашаган дүйнө өзү жомоктой.
Сый бололу бирибизге бирибиз,
Адам деген асылдыкты жоготпой.
Жакшылыкка жар бололу кошулуп,
Болбогонго кейибейли өкүнүп.
Дүйнөбүздүн бейпилдигин сурайлы,
Жараткандан кайра-кайра өтүнүп.
Кайырма:
Жаз бололу жан дүйнөбүз жанданып,
Жадырашып, жашообузга шаңданып.
Жаркын дүйнө ажайып кооз жаралган,
Табиятка суктаналы таңданып.
Кайырма:
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Өткөн күндөрүм,
Өзгөчө өмүр жолум,
Өзүңсүз деле, карындаш.
Сен эми сыздаба,
Бере албайм убада,
Үмүттүн шамын тутантпа.
Кайырма:
Кечир, жолубуз башка,
Кыялым таба албас айла,
Жүрөктү сүйгөнүмө тартуулап бергем.
Кечир, жолубуз башка,
Кыялың таба албас айла,
Сыздаба, сен эми кайгырба.
Кечир, карындаш,
Бактылуу кыла албайм,
Башкадан тапкын бактыңды.
Сен эми сыздаба,
Жалынга күйбөгүн,
Түшүнчү сүйүү мыйзамын.
Кайырма:
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
"Кыялымда"
Жашырба жаз келээриң дагы да бир күн.
Жараксыз күндөр калса да сезим түркүн
Жашыймын көп эстеп мен ал күндөрдү
Кырыңды салба тагдыр мендей жаш кызга
Кайырма:
Кыялымда, кыялымда
Учсам дейм, консом дейм ар бир күндүн багына
Оюмда жашаймын көгүлтүр асманда,
Сынга алып канатымды жаралаба.
Издегеним бар болуп жерден табылса,
Конгонум болот турмуштун багына.
Кайырма:
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Күлсөң эгер назарыңдан,
Күн шооласы чачылат.
Күлмүңдөгөн ажарыңдан,
Көңүл чери жазылат.
Карегиңде бир сырың бар катылган,
Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган.
Кайырма:
Селкинчек сезимдерге күүлөнүп,
Сейил куруп жүрөлүк.
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк.
Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп,
Жанашып биз жүрөлүк.
Жан дүйнөм ашыктыкка берилип,
Жакшы көрөм түбөлүк.
Жылытасың илебиңе,
Жалындаган от сындуу.
Жакындашып тилегиме,
Жаштыкка нур коштуңбу?
Бийиктеги махабат жылдызымды,
Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?
Кайырма:
Ким үчүн билбей келем буулукканым,
Күн санап күтүп келем буйрук таңын.
Ызага көңүлүмдү кайра бөлөп,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Сунса да тагдыр мага кылычтарын,
Сыноонун ачуу даамын унутканмын.
Ыраакы мезгилдерди эске салып,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Өчүрбөй жагып улам үмүт шамын,
Өзүмдү өзүм алдап жылытканмын.
Ыйлашар жүрөктөрдүн жолу башка,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Хочу я узнать этот мир с тобой,
Где только любовь вечностью одной.
Я за тобой хоть куда пойду,
Мне без тебя поверь не быть в раю.
Кайырма:
Ты мне подари любовь свою ко мне,
Доверь мне свою жизнь и плыви во мне.
Знай, мне без тебя одиноки сны,
Прими, лишь только о тебе все мои мечты.
Хочу я открыть мир своей любви,
Одной лишь тебе, ты просто войди.
Яркие дни от моей судьбы,
Они все твои душою всё возьми.
Кайырма:
Кирип барсам класска сен олтурган,
Четте менин орунум боло турган.
Окшоп кетти ошол күн сенсиз гана,
Өткөн өмүр бекерге коротулган.
Оо, алтыным, эсен-соо жүрөсүңбү?
Өткөндөрдү көңүлгө түйөсүңбү?
Жалбырактын алдына катсам жамгыр,
Эстейм жууп салганын сүрөтүңдү.
Сүйөм десем капыстан жолдон эле,
Ыйлап ийдиң озондоп ошондо неге?
Бул окуя, бул иштер көп жыл мурун,
5-"б" класста болгон эле.
Сен билбечи сүйүүмдү, сырларымды,
Жөн гана ук махабат ырларымды.
Сезбечи сен жүрөгүм эзилгенин,
Билбечи сен сүйүүмдү, сырларымды,
Жөн гана ук махабат ырларымды.
Кайырма:
Неге сени сагынам,
Көрбөй калсам таарынам?
Жакшы көрүп ичимден,
Сүйүп кагылам.
Жылмайганың сагынам,
Жылдыздуусуң баарынан.
Билем мендик эмессиң,
Мен сүйүп жаңылам.
Сен билбечи бир менин билгенимди,
Сен билбечи түшүмө киргениңди.
Сезип калба, суранам, билип калба,
Сени көрсөм сур басып жүргөнүмдү,
Сен билбечи уялып жүргөнүмдү.
Кайырма:
Сен билбечи, сени көздөй басарымды,
Сени ойлоп уйкум келбей жатарымды.
Секетим деп ичимден эркелетип,
Сезимимди, сырларымды катарымды,
Жүрөгүмдө сени менен жашаарымды.
Алчадай мөлтүр, арчадай аңкыган,
Ай жүзүң сүйкүм, ак шамдай жаркыган.
Ак сүйүүм сен деп ашыгып, арзыган,
Арбалгам бир өзүңө.
Жалооруй жанып, жалындайт демибиз,
Жар болдук сүйгөн, жалжалым, эми биз.
Жашоодо жетер кең болуп чегибиз,
Келсе экен тилегибиз.
Тамшанткан дүйнө тартуулап гүлдесте,
Күн келди бүгүн күттүргөн бир кезде.
Арнаймын сага ак дилден
ырдесте,
Баш кошкон ушул кечте.
Ардагым, сага асылкеч жар болуп,
Ачылсын өмүр асмандан кут конуп.
Ак сүйүү өчпөй алоолоп от болуп,
Сакталсын жүрөктөрдө...
|